Ж. Акаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин отурумуна катышты

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 43

Москва шаарында алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин тармактык комитеттеринин башчыларынын отуруму өттү. Анда эл аралык алакага байланышкан маселелер талкууланды.  Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга кыргыз парламентинен Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев менен КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Жанарбек Акаев чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаалдын абалы тууралуу баяндама жасап: «Ооганстандагы туруксуздук Кыргызстанга түздөн-түз коркунуч келтирет жана биз аталган өлкөдө тынчтыктын орношуна кызыкдарбыз. Кыргызстан менен Тажикстан терроризмдин жайылышына каршы күрөшүүдө ЖККУнун жооптуу аймагынын алдыңкы сабында турат. Андыктан бул жатта уюмдун потенциалын биргелешип чыңдоо зарыл”, — деп белгиледи.

Ошондой эле отурумда ЖККУнун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн 2022-жылдын январь айынын башында Казакстан Республикасында жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы жана Уюмга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоону жакшыртуу багыттары талкууланганы айтылды.

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X