Жаңы травматологиялык корпус ишке кирет

25-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын жаңыланып, кайра түзүлгөн травматологиялык корпусуна барды.

Толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап медициналык талаптарга жооп берген мындай корпустун даярдыгы мамлекет башчынын купулуна толгондугун жашырган жок. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтканына караганда, аталган корпус 2011-жылдан бери жараксыз абалда болгондуктан колдонулбай келген. Жаркырата жасалып, пайдаланууга даяр болгон корпусту – учурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бул тармакта жүргүзүп жаткан реформаларынын жемиши катары бааласак боло тургандыгын баса белгилеген башкы дарыгер, 1-апрелден баштап алгачкы кардарларын кабыл ала  тургандыгын айтты.  Аталган травматологиялык корпус негизинен 150дөн ашык орунга ылайыкталып, сөөк-ириң травматологиясы, чоңдордун ортопедиялык жана муундардын паталогиясы бөлүмдөрүн камтыйт. Ошондой эле заманбап операциялык блоктор жана реанимациялык палаталар менен да камсыз болгон.

Улуттук госпиталдын эмгек жамааты менен сүйлөшүп жатып Мамлекет башчысы Садыр Жапаров аларды кызыктырган эмгек акыны жогорулатуу, медициналык кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо боюнча бир катар суроолорго жооп берди. Мурда белгиленгендей эле, Президент үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта социалдык багыттагы кызматкерлердин, алардын ичинде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулаарына ишендирип өттү. Андан тышкары мамлекет башчысы калкты турак жай менен камсыз кылуучу жеңилдетилген, жеткиликтүү ипотекалык кредиттер боюнча мамлекеттик программалардын үстүндө иштер улана берээрин, өлкөбүздүн ар бир жараны татыктуу жашаарына ишеничи жогору экендигин баса белгиледи.

№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты 
Разия Жоошбаева

25-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X