Жаңы жылдык балаты жыйналып жатат

15-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орнотулган башкы жаңы жылдык балатыны демонтаждоо иштери башталды. Жыйноо иштери бүгүн, 15-январь күнү эртең менен жүргүзүлө баштаганын муниципалдык бийлик билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынын негизги символу саналган балаты декабрь айында орнотулган. Муниципалитеттин өкүлдөрү белгилегендей, демонтаждоо иштери белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө.

15-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X