Жаңы «Ош базары» 2026-жылы ачылат

14-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 151

Жаңы «Ош базары» 2026-жылы ачылат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

«2026-жылга ачыла турган ири курулуштардын бири – “Ош базары”. Азыркы базардын абалын билесиздер, шарты жок, иретсиз, кышында суукта, жайкысын ысыкта соода жүргүзүшөт. Эң башкысы шаарды тыгынга учуратып, көркүн дагы бузат. Буюрса, май айында жаңы “Ош базарынын” курулушу бүтүп, ал жакка жаңы жол курулат.

Базар деп аталганы менен, заманбап соода борборлорундай шарты болот. Жабык, кышында жылуу, жайында салкын. Ичи азык-түлүк, кийимдер, жашылчалар, мөмө-жемиштер ж.б болуп бөлүнөт. Азыркы базардагыдай чаң кечип, ылай тебелеп жүрбөйсүздөр.

Буюрса, базарлар эле эмес – мамлекетибиз дагы иреттелип, бутуна туруп келе жатат,» – деп жазды Орунбеков.

14-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 151
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X