"Эркин-Тоо"

ЖАҢЫ ТАЛАП… УБАДАЛАР АТКАРЫЛАБЫ?

Ошентип жыл жаңырып, бийлик тарабынан алдыга коюлган максаттарды аткаруунун сааты башталды. 2022-жыл ичинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн бир топ мыйзам актылары кабыл алынып, тиешелүү жарлыктар жана мыйзам долбоорлору күчүнө киргенин айта кетели. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча бир топ олуттуу долбоорлор сунуш кылынган. Анын айрымдарына токтоло кетели. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президент кол койгон мыйзамга ылайык быйылкы жылдын 1-январынан баштап Жол фонду ишин баштайт. Өлкөдөгү жолдордун абалын жакшыртуу максатында Транспорт министрлигинин алдында уюшулган аталган фонд күйүүчү майлардан алынуучу акциздик салыктын 50%нан кем өлчөмдө алып, ошону менен бирге коомдук жолдордо автобустардан жана жүк ташуучу унаалардан акы алууну киргизип, жана башка тиешелүү каражаттардын эсебинен атайын каражат бөлүп жолдорду оңдоп турууга милдеттүү. 1-январдан тарта патент милдеттүү түрдө электрондук каттоодон өтүү каралган. 2023-жылдын 1-апрелинен тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү банктык которуу жолу менен төлөөгө болот. Дагы бир жаңылык, 1-январдан тарта оюн автоматтарын колдонуу менен кумар оюндарын мыйзамдуу казинолордо гана өткөрүүгө болот. Соода борборлорунда, компьютердик клубдарда жана башка жайларда, ошондой эле көчөдө оюн автоматтарын орнотууга, лицензиясыз лотереялардын жана букмекердик кеңселердин ишмердүүлүгүнө тыюу салынат. 2023-жылдын 1-январынан тарта Ысык-Көл облусунда суу түтүктөрү, канализация тармактары жана тазалоочу курулмалары жок мекемелердин, мейманканалардын жана пансионаттардын ишмердүүлүгү токтотулат.

Министрлер Кабинетине 2023-жылдын 1-июнуна чейин Балыкчы, Каракол жана ЧолпонАта шаарларындагы тазалоочу жайларды курууну жана реконструкциялоону камсыз кылуу тапшырылган. Ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу каралган. Андан башка Бишкек шаарынын мэри таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча убада берген. Азия өнүктүрүү банкынын Ысык-Көл облусундагы саркынды сууларды тазалоочу жайларды реконструкциялоо жана куруу боюнча 44 миллион долларлык долбоору 2023-жылы башталып, 2029-жылы аяктай тургандагы маалым болду. Ошондой эле 2023-жылдын март айында Баткен районундагы Лейлек кичи ГЭСинин курулушун бүткөрүү пландалууда. Анын эсебинен Баткен облусунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 3,5%дан ашыгын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда Бишкекте март айына чейин айланма жолдор менен беш жол түйүнүн куруу каралууда. Быйыл Санариптик өнүктүрүү министрлиги да Евразия өлкөлөрүнүн арасында санариптик кодекстин биринчи долбоорун чыгарууну убада кылды. Ошол эле учурда «Кыргызпочтасы» 2023-жылы электр кубаттоочу станциялар тармагын жана электромобилдердин базасында курьердик кызматты ишке киргизүүнү пландоодо. Быйылкы демилгелүү ишаракеттердин натыйжасында Баткенде куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү иштери унутта калбашы керек. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Жалал-Абад шаарын финансылык борбор кылуу боюнча демилгеси жергиликтүү бийлик тарабынан иштиктүү колго алынышы абзел.

Шекербек КАЛЫКОВ
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!