"Эркин-Тоо"

Жаңы Жарлык. Чет өлкөлүк IT-адистерге жеңилдиктер берилди

Президент Садыр Жапаров «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тескеменин максаты жана тапшырмасы — Кыргызстанда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.

Министрлер Кабинетине тескемени аткаруу үчүн төмөнкүлөр  тапшырылды:

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу:

— Кыргыз Республикасына келген, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрүү;

—   «Бишкек» ЭЭАнын жана Жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыксын;

—  маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!