Жаа атуу боюнча чемпионат өттү
Бишкек шаарында жаа атуу боюнча республикалык чемпионат өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Чемпионатка машыктыруучулар, калыстар жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Мелдештин максаты жаа атууну өнүктүрүү, жаш спортчуларды сергек жашоо образына тартуу, спорттун бул түрүндөгү атаандаштыкты күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын чемпиондорун аныктоо болуп саналат.
Чемпионат Жаа атуу боюнча Эл аралык федерациянын (WA) талаптарына ылайык уюштурулду.