Жайыл районунда 61 жаштагы аялды сабап өлтүргөн жаран кармалды
Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, 26-март күнү Жайыл РИИБине аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жайыл РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү учурунда ал 1958-жылы туулган Н.Л. аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугун аныкташкан.
Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Натыйжада, Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 1981-жылы туулган Д.П. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.