ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН ЖАМАНДЫКТЫН КҮРӨШҮ – АДАМЗАТ КӨЙГӨЙҮ
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Жамила” повестинен кийин катуу сынга кабылган чыгармасы “Ак кеме” повести болгон. Бул чыгарманын катуу талкууга туш келгенинин биринчи себеби, Ч.Айтматовдун жаңыдан жарык көргөн кайсы гана чыгармасы болбосун окурмандар арасында зор резонанс жаратчу. Экинчиден, советтик мезгилде окурмандардын адабий процесске кызыгуусу азыркы учурга салыштырганда алда канча жогору болгон. Мына ушул жагдайда советтик адабиятчы Д.Стариков менен казак жазуучусу Ануар Алимжанов “Ак кемени” кыябы келип турганда, талкалап коюуну чечишкен эле. Алар адабиятта өзүн жаңы көрүнүш катары көрсөткөн чыгарманы советтик жашоо чындыгына дал келбеген чыгарма деп катуу сынга алышкан. Мындай сын окурмандарда терс пикир жаратып, олку-солку абалга алып келүү менен “Ак кеменин” келечегине доо кетирип коюшу да мүмкүн эле. Ошондуктан мындай кырдаалдан чыгуу үчүн Чыңгыз Айтматов өзү алардын “Ак кеме” тууралуу суу кечпеген пикирлерине каршы чыгууга туура келген жана “Литературный газета” газетасына «Зарыл тактоолор» (“Необходимое уточнение”) деген аргументтүү макаласын жарыялоо менен жогорудагы авторлордун суу кечпеген пикирлерин, калпыс ойлорунун мизин кайтарган жана бул макала адабий чөйрөдө абдан зор кызыгууну жараткан. Бул макаласы менен Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, адабиятты терең түшүнгөн улуу адабиятчы экендигин дагы бир жолу ырастап көрсөткөн. Чынында “Ак кеменин” айланасында адабий чөйрөдө талкуунун кызуусу бир топко суубай, адабият сүйүүчүлөрдүн арасында да бул чыгарма тууралуу түркүн-түркүн пикирлер айтылып турду. Алардын бир даары социалисттик түзүлүшкө каршы жазылган чыгарма деп айтып жүрүштү. Бирок мага “Ак кеменин” сюжетинен, идеялык мазмунунан социализмге каршы жазылган чыгарманы көрүү кыйын болду. Айрым көрүнүктүү адабиятчы-изилдөөчүлөр бул чыгарманы адабий процесстеги жаңы көрүнүш катары баалашпады беле. Менин көңүлүм “ал эмнеси менен жаңы көрүнүш?” деген суроого бурулду. Бул чыгармасында Ч.Айтматов алгачкы жолу адамдык мамиледеги жамандык менен жакшылыктын карама-каршылык темасын алып чыккандыгы мага ачыктан-ачык айкын болду. Чыгармада жакшылыктын өкүлү Момун чал менен бала болсо, жамандыктын өкүлү Орозкул. Момун чал менен баланын идеалы Бугу-эне. Бугу-эне алар үчүн ыйык. Анткени Бугу-эне кайсы бир заманда баскынчылар кыргыздарды чаап, кыргынга учуратып жатканда сууда агып бараткан бешиктеги баланы мүйүзүнө илип жээкке алып чыгат да баланы эмизет, баланы эрезеге жеткирип, чоңойтот. Бул уламыштын драматизми “Ак кеме” фильминде өтө таасирдүү чагылдырылган. Мында Бугу-эне кыргыздарды тукумкуруттуктан сактап калган деген ой камтылгандыгын көрөбүз. Ушундай уламыш аркылуу жазуучу адамзат менен айбанаттар дүйнөсү жер бетинде бири-бири менен ажырагыс байланышта экендигин жана ушул уламыш Момун чал менен баланын кан-жанына сиңип калгандыгын чагылдырган. Аны менен бул каармандардын ички дүйнөсүнүн жуураттай тазалыгы ачылып берилген. Ал эми ушундай жуураттай тазалыкка карама-каршы турган контрасттык – күч чыгарманын экинчи жээгиндеги каарман Орозкул. Ал “Бугу-Эне” жөнүндөгү уламышты айтып жүргөн Момун чалды дөдөй деп эсептейт. Бугу-эне жөнүндөгү уламышты түшүнгүсү да келбейт, аны жек көрөт, укканда кыжырданат. Мурунку убактарда кыргыз жергесин байырлап, кийин башка жактарга ооп кеткен бугу, маралдардын бул жакка кайрадан келип калганын көргөн Момун чал кубанычы койнуна батпай кубанат эмеспи. Орозкул болсо ага кайдыгер. Мунусу менен ал ички дүйнөсү көңдөй, чектелүү пенде экендигин көрсөтөт. Орозкул кара жанынын кайгысын тарткан көр пенде. Ал канча убактан бери келбей жүрүп кыргызга кайрылып келген Бугу-эненин тукумун атып өлтүрөт. Этин беш бармак кылып жейт. Мүйүзүн өзү өлөрүнө чейин курдуруп койгон күмбөзүнүн төбөсүнө койдургусу келет.
Ошентип, “Ак кемеде” жакшылык жамандыктан утулат. Муну пессимисттик жыйынтык катары кароого болобу? Жок, бул трагедия. Ооба, “Ак кемеде” жамандык тарап жеңишке жетишкендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок окурман баары бир жакшылыкты туу туткан идеалдуу кыялдагы Момун чал менен бала тарапта болот. Чыгарманын түпкү максаты да ошондой болуш керек. Адамдарды ойго салат жана жамандыктардын жакшылыктарга үстөмдүк кылуусуна жол бербөө керектигин, экинчи жагынан Момун чал сыяктуу чөптөн башкага зыяны жок идеалдуу адамдарды коргоо керектигин билгизет.
Залкар жазуучубуздун “Ак кеме” повестинде чагылдырылган мына ушул жакшылык менен жамандык мамилелеринин күрөшү “Кыямат” романынын үчүнчү бөлүгүндө да улантылган десек болот. Мындагы сюжет карышкырлар Акбара менен Ташчайнардын жана чыгарманын баш каармандары болуп саналган Базарбай менен Бостондун айланасында өнүгөт. Бул образдар аркылуу жакшылык менен жамандыктын күрөшү чагылдырылат. Базарбай менен Бостон соңуна чыгып бараткан социализм убагындагы кыргыздын кадимки кой баккан чабандары. Муну романды окуган окурмандар жакшы билишет. Болгону Бостон алдыңкы чабан, Базарбай катардагы чабан. Экөөнүн ортосундагы конфликттин келип чыгуусуна бир жагынан мына ушул жагдай түрткү болот. Базарбай Бостондун алдыңкылыгын жактырбайт. Адамдагы эң жаман сапаттын бири көралбастык эмеспи. Чыгармадан дал ушул көрөалбастык сапат өзүндө жамандыкты алып жүргөн Базарбайга таандык экенин көрөбүз. Алар бири-бирин жининдей жаман көрүшөт. Бостон мүнөзү жагынан алганда “Кош бол, жаныбарым Гүлсарыдагы” Танабайга окшошуп кетет. Бирок Бостон ачык айкындык заманынын каарманындай көрүнөт. Ал ошол доордо болуп жаткан жаңылыктарга кайдыгер карабайт. Аны колдойт, кубаттайт. Коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө өзүнүн салымын кошкусу келет. Ошондуктан чогулуш, жыйындарда чыгып сүйлөп өзүнүн сунуштарын элге жарыялап айтат. Мисалы, ал жайлоолорду деградацияга учуратпоо үчүн жайыттарды кой баккан чабандарга ээлик кылууга бериш керек. Ошондо жайлоону ээликке алган чабандар жайыттарды натыйжалуу пайдалануу менен аны экологиялык жактан бузулуусуна жол бербейт деген маселени коёт. Бостон ушул сыяктуу жаңы идеяларды чогулуш, жыйындарда көп айтат. Бул анын новатордук ойлорго бай экенин көрсөтөт. Ошондой эле анын кой багуудагы алдыңкы тажрыйбасы боюнча райондун чабандарына семинарлар өткөрүлүп турат. Ошондуктан аны райондун жетекчилери чогулуштарга тез-тез катыштырышат. Бостондун совхоз парторгу Кочкорбаевге чындыкты айтып, жалтанбай каршы сүйлөп чыкканы “Кош, жаныбарым, Гүлсарыдагы” Танабайга окшошуп кетет. Бостондун мына ушундай жигердүүлүгү Базарбайдын кыжырын келтирип турат. Мына ушундан Базарбайдын жамандыктын адамы экени көрүнүп турат. Ал бирөөнүн ийгилигин көрө албаган Орозкул сыяктуу көрпенде. Эгерде “Ак кемеде” жамандыкты Орозкул аркылуу көрсөк, “Кыямат” романында Базарбай жасаган жамандык иштер трагедияга алып келгендигин көрөбүз. Базарбайдын эң эле болбоду деген жаман сапаты аракты жакшы көргөндүгү жана аялы көк Турсунду өмүр бою сабап келгендиги десек болот. Ал эми анын трагедияга алып келген ченемсиз жамандыгы казактын Моюнкум жарым чөл талааларынан “жакшы жашоо” издеп Ысык-Көлдүн кырка тоолоруна ооп келген карышкырлар Акбара менен Ташчайнардын бөлтүрүктөрүн геологдорду тоо чокуларынын бирине узатып барып, кайра кайтып келатып капысынан үңкүрдөн көрүп калып, кыска ой менен аларды куржунуна салып алып кеткенинен башталат. Ырас Акбара менен Ташчайнар бөлтүрүктөр адамдын колуна түшүп калганын акыркы учурда туюп калышат да Базарбайдын артынан кууп жөнөшөт. Базарбайга такымдап, жетээрге аз эле калганда ал Бостондун кыштоосуна кире качат. Дал ушул эпизодду окуп отуруп зээниң кейибей койбойт. Бечара карышкырлардын жакында эле казактын Моюнкум жарым чөл талааларында бөкөндөргө салынган кыргында үч бөлтүрүгүнүн бири бөкөндөрдүн тебелендисинде калып, бири дайынсыз жоголуп, дагы бири аткычтардын огунан учуп өлбөдү беле. Эми болсо Ысык-Көлдүн кырка тоолорунун арасында Акбара менен Ташчайнардын жарыкка жаңы келген бөлтүрүктөрү жеке керт башынын кызыкчылыгын баарынан жогору койгон жана ырайымсыз Базарбайга курмандык болгону жатпайбы. Базарбайдын ойлогону ушул бөлтүрүктөрдү зообазага өткөрүп, андан алган акчасына арак ичүү болчу. Ойдун ушундай тайкылыгы кийин адамдарга не мүшкүл, азаптарды алып келбеди.
Базарбайдын жамандык ишинин кесепети чыгармада улангандан уланып отурат. Акбара менен Ташчайнар Бостондун кыштоосунун айланасынан “бөлтүрүктөрүбүздү бергиле” дешкенсип улуп-уңшуп кетпей коюшат. Түндүн бир оокумунда карышкырдын улуганы үйгө угулуп турса беш-алты жаштагы Кенжеш гана эмес ата-апасы Бостон менен Гүлүмкандын да үрөйлөрү учуп жатпайбы. Мунун баары бөлтүрүктөргө байланыштуу болуп жатканын түшүнгөн Бостон бөлтүрүктөрдү сурап же сатып алуу үчүн эртеси Базарбайга барат. Мына ушул жерден экөөнүн айтышканын окуп отуруп, төбө чачың тик турат. Базарбай Бостондун чучугуна жете тургандай сөздөрдү айтат. Ал Бостонго карап, ”Чоңдор жырткыч айбандарды аёсуз жок кылгыла дебатат, а сен карышкырларды эркелетип, көбөйтүп өстүрсөм дейсиң. – Ушуну көздөп атасың, же жалганбы? Сен илгерки кулактардын өзүсүң, алдагы кулактардын аң-сезимине жык толгон башың менен ойлонуп көрчү! Мен карышкырдын үңкүрүндөгү тукумду бүт жоготтум, демек, мамлекетке чоң пайда алып келдим, а сен аларды кайра алып барып үңкүргө салам деп олтурасың” — дейт. Сыртынан караганда анын айткандары туурадай да сезилип кетет. Анча-мынча сөздүн тереңдигине маани бербегендер Базарбайдын ушинтип айткандарына ишене бериши да мүмкүн. Чынында анын айткандарынын баары кара ниеттик, жалаачылдык, карасанатайлык менен айтылган сөздөр. Жамандык деген ушинтип кууланат тура. Базарбайдын кууланган сөздөрүнөн тажаган Бостон акырында “бөлтүрүктөрдү берсең да албайм” – деп кетип калат эмеспи.
Чыгармада чагылдырылган Базарбайдын дагы бир карасанатайлык сапатына токтоло кетпесек болбос. Ал Бостонго “Аялын алыш үчүн сен Эрназарды ашуудагы муздун жаракасына түртүп жибергенсиң“ деген чындыкка дал келбеген кинени айтып жүрөт. Ырас, Бостон жардамчы чабаны Эрназар экөө жаңы жайытты табыш үчүн ашууну ашып баратканда Эрназар тайып кетип муздун түбү көрүнгүс туңгуюк жаракасына түшүп кетет. Бул окуя Бостондун басса-турса оюнан кетпеген, жүрөгүнө өчпөс так салган каргашалуу окуя болуп калат. Ал жактан Эрназардын сөөгүн алып чыгуу да мүмкүн эмес болот. Альпинисттер да алып чыгууга аракет жасашат. Бирок болбойт. Эми ушуну Базарбай менен арамза парторг Кочкорбаев экөө тим эле жанында көрүп турушкансып, “Бостон сен Эрназарды атайын түртүп жибергенсиң” – деп ууккан ушакты таратышат. Муну Бостонго каршы тапкан курал кылып алганын карабайсызбы. Чынында Бостондун түртүп ийчү киши эмес экени көрүнүп турбайбы. Ооба, кийин Бостон башка жагдайга, башка шартка байланыштуу Эрназардын жесири Гүлүмканга үйлөнөт. Уулдуу болушат, уулунун аты Кенжеш.
Базарбай бөлтүрүктөрдү Бостонго бербей койгондон кийин карышкырлар анын кыштоосун акмалагандан акмалап, улуп-уңшуп коркунуч жаратып жүрө беришет. Алар бир жолу трактористти, бир жолу отунга барган кичинекей баланы жеп коё жаздашат. Короодогу койлорго тийгенден да тартынышпайт. Акыр аягында Бостондун аларды жок кылгандан башка айласы калбай калат, адегенде ал Ташчайнарды атканда Акбара качып, көздөн кайым болот. Бирок күндөрдүн бир күнүндө Акбара Бостондун кыштоосуна келгенде Бостондун уулу Кенжешке жолугуп калат. Ушул жерде бөлтүрүктөрүнөн айрылган Акбаранын энелик сезими ойгонуп, кичинекей бала Кенжешке жасаган мамилеси чагылдырылат. Бирок ага Кенжешти жалына артып ала качканга туура келет. Бостондун Акбараны көздөй аткан бир нече огунун бири өз уулуна жаңылат. Мына трагедия, мына жамандыктын жакшылыкка кылган жамандыгы. Кичинекей уулу, көкүрөк күчүгү Кенжешти өзү атып алганы не деген шумдук. Ушундай айласыздыкта Бостон жамандыктын жарчысы Базарбайга өзү өкүм чыгарып, аны кишилердин көзүнчө үйүнүн жанынан атып салат. Андан кийин Бостон жашагысы келип да. келбей да өмүрүнүн соңуна чыккандай абалда көлдүн жээгине барат. Кыязы ал көлгө чумкуйт да ошол бойдон өз ааламы менен коштошот көрүнөт. Чыгарманын соңу окурманды ушундай жыйынтыкка алып келет.
“Кыямат” романын окуп жатып, анда баяндалган ушул окуялардын баары көз алдыңда болуп жаткандай туюлуп, өзүндү ошол окуялардын арасында жүргөндөй сезет экенсиң. Чыңгыз Айтматов өзү айткандай “Кыямат” романы анын канынан жана жанынан жаралган чыгарма. Окурманды өзүнө тартып алганы да ошондон болсо керек деп ойлодум. Мен жогоруда “Кыямат” романында камтылган маселелердин чеке-бели, эпкини тууралуу гана сөз кылып өттүм. Чынында бул романдын масштабы абдан кенен жана ою өтө терең.
Абдимухтар Абилов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер