Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары алмашты
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Маматаев Эркинбек Садирбекович дайындалды.
Тийешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эркинбек Маматаев 1972-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында туулган.
Билими жогорку, К.И.Скрябин атындагы айыл чарба инситутунун “Ветеринардык дарыгер” адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1993-жылы Бүргөндү Карл Маркс колхозунун ветеринардык врач кызматынан баштаган.
-1994-1996-жылы Бүргөндү Карл Маркс колхозунун башкы ветеринардык врачы;
-1996-1997-жылы Бүргөндү айылындагы жеке менчик ветеринардык сервистин жетекчиси;
-1997-1999-жылы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору;
-1999-2009-жылы Кыргызагро Щвецариялык проектисинин Жалал-Абад облусундагы жетекчиси;
-2009-2017-жылдары Бүргөндү айыл өкмөтүнүн үч жолку чакырылышында айыл өкмөт башчысы;
-2017-2020-жылы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп эмгектенген.
Эркинбек Маматаев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, муниципалдык кызмат жана билим берүү тармагынын отличниги.
Буга чейин бул кызмат орунда төрт жылдан ашуун Ырысбек Ызабеков эмгектенген. Ал облус башчысынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.