Жалал-Абад ОИИБде Курман айт майрамына карата саптык кароо өттү

7-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 35

Жалал-Абад ОИИБде Курман айт майрамына карата саптык кароо өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад ОИИБде жана облустагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүндө Курман айт майрамына карата саптык кароо өткөрүлдү. Саптык кароодо ар бир кызматкердин кызмат өтөөгө даярдыктарын текшерүү менен бирге, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоодогу алардын кызмат өтөө жайлары, кайгулдоо багыттары жеткирилди.

Ошону менен катар Жалал-Абад ОИИБдин маалымат технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси милициянын подполкониги Алимбаев Нурбек Жанышовичке, ички иштер министринин буйругу менен кезектеги «милициянын полковниги» наамы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Курман айт майрамарын белгилөөдө облус аймагында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 800дөн ашуун кызматкер камсыздап, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшмөкчү.

7-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X