Жалал-Абад шаарында кумар оюндарын уюштургандар кармалды — ВИДЕО

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 42

Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган иш-чаранын жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз уюштурулган көмүскө кумар оюндары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  жарандардын тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруп жүрүшкөн. Аталган кумарканага күнүнө 70-80ге чукул адам келип турган.

Ал эми 15-февраль күнү  ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кумаркананы уюштурган К.А.К., Т.К А., У.А.А. аттуу жарандар жана кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 42

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X