Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр курулат

Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарына кинотеатр курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, маданий объектти Спутник кичирайонундагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан Нооруз сейил багынын аймагына куруу пландалып жатат.

Объекттин сметалык баасы 61 млн сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды 2-апрелге чейин берүү зарыл.

Объекттин курулушун аяктоо 2024-жылдын 31-октябрына белгиленген.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X