Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмун жайылтып жүргөндөр кармалды

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 36

Жалал-Абад областынын аймагында 2022-жылдын 21-24-июнь күндөрү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан “Экстремист” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын алкагында, мурда экстремизм багытында бир нече жолу соттолгон, “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү жана партиянын каржылоосу боюнча эсепчи катчысы (Накыб жардамчысы) болуп, партиянын акчаларын чогултуп иштеп жүргөн 1977-жылы туулган, Базар-Коргон районунун тургуну А.У. үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада далил буюм катары (баракча, китептер, тетрадь, акча каражаты жана чогултулган акча каражатынын тизмеси жазылган блокнот) колдонуп жүргөн 3 даана уюулдук телефондор алынган.

Иш-чаранынын жүрүшүндө диний экстремизмдин идеологияларын колдоп, жайылтып жүргөн 8 атуул кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, 5 учуру боюнча кылмыш иши тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жыл башынан бери 22 атуул өз ыктыяры менен бул агымдын мүчөлүгүнөн баш тарткан.

 

 

 

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X