Жалал-Абадда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

24-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 31

Жалал-Абадда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнда түнкү саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арсланбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

24-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X