Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочу каза болду (Сүрөт)
Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 22-июнда саат 6:07де жол жээгинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тактап айтканда,Таш-Көмүр шаарынын Бишкек – Ош автоунаа жолунун 448 чакырымында күйүүчү май ташыган өңү ак түстөгү Вольво жолдун четине чыгып, өрттөнгөн.
Алдыңкы баллону атып кетип, жарылган унааны өрт каптап айдоочусу каза болгон.
Кырсык катталган жерге Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБнын өрт өчүрүүчү-куткаруучулары саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүшкөн.


