Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт
Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кооптуу аймакта жашаган эл менен жолугуп, коопсуз аймакка көчүү боюнча эскертме берилгени айтылат.
Маалыматка ылайык, аталган райондун аймагында 768 үй-бүлө жер көчкү жүргөн кооптуу аймакта жашайт. Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка аймакка көчүрүү тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана айыл аймак башчыларына жүктөлүп, жакынкы аралыкта көчүрүп чыгуу аракети колго алынат.