Жалал-Абадда курулуш компаниясына 2,2 млн сом айып салынды
Жалал-Абад шаарында «Бест Хаус Гранд» компаниясына таандык беш көп кабаттуу үйдүн курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда курулуш ченемдери, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптары сакталбаганы, ошондой эле жумуш орундарын уюштурууда кемчиликтер бар экени белгилүү болгон.
Текшерилген объектилер З. Жамашев көчөсү, Барпы Сейил көчөсү жана Ж. Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Алардын төртөө 12–15 кабаттуу, дагы бири 9 кабаттуу имарат.
Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча компанияга көрсөтмөлөр берилип, «Бест Хаус Гранд» ЖЧКсына жалпы 2 млн 200 миң сом айып пул салынды.