Жалал-Абадда ун таратылды
Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 2,5 миңге чукул үй-бүлөгө бир каптан ун берилди, — деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 8-февралдан баштап Жалал-Абад, Сузак жана Базар-Коргонго ун жеткирилген.
Бекер берилип жаткан ун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн.
«Ун эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан аныкталып, каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жатат», — деп жазылат маалыматта.
Облуска жалпы 61 миң 226 кап ун жеткирилген.