Америкалык неоэкспрессионист жана графиттичи Жан-Мишель Баскиянын “Мындай учурда” деп аталган картинасы кечээ, 11-майда Christie’s аукционунда 93,1 млн долларга сатылды. Аталган картина Баския тарабынан 1983-жылы тартылган. Сүрөтчүнүн ушул эле сериядагы “Аталышы жок” деген картинасы 2017-жылы 110,5 млн долларга сатылып, америкалык сүрөтчүлөрдүн аукционго коюлган чыгармаларынын арасында рекордду белгилеген.