"Эркин-Тоо"

Жаракат алган дагы бир жаран каза болду

Саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулованын 3-майда өткөн брифингдеги билдирүүсү боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда оор жаракат алган дагы бир жаран каза болду. Каза болгон маркум 1967-жылкы туулган Максат айылынын тургуну болчу.

Расмий маалыматка ылайык, 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180дей киши түрдүү жараат алышкан. Коопсуз жайга 50 миң адам  көчүрүлгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!