Жарандардан акча чогулткан кайрымдуулук фондунун жетекчиси кармалды
Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында өздөрүн кайрымдуулук уюмдарынын ыктыярчылары катары тааныштырып, жарандардан акча чогулткан адамдардын аракеттери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алар коомдук жайларда, анын ичинде мечиттердин жанында жана жол жээктеринде акча чогултуп жүрүшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен иш козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 2019-жылдан бери иштеп келген «Биз эл менен» кайрымдуулук фонду аныкталып, анын жетекчиси жана уюштуруучулары такталган.
ИИМ жүргүзгөн финансылык талдоодо фонддун жетекчиси жана уюштуруучуларынын банктык эсептери аркылуу ири суммадагы каражат жүгүртүлгөнү аныкталган. Маселен, 2026-жылы фонд жетекчисинин эсептеринин биринде 41 миңден ашуун операция жүргүзүлүп, жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 12 млн сомдон ашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, 2024–2026-жылдары келтирилген зыян болжол менен 30 млн сомду түзөт.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери фонддун жетекчиси, 1993-жылы туулган Б. кызы Т.ны Бишкектен кармашкан. Анын үйүндө жана автоунаасында тинтүү жүргүзүлүп, иш үчүн маанилүү документтер жана башка буюмдар алынган.
Соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө уланууда. Анда акча каражаттарынын кыймылы, келтирилген зыяндын так көлөмү жана башка адамдардын кылмыш ишине тиешеси бар-жогу аныкталууда.