Жарандарга ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча кеңештер берилди

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 37

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы район аймагындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча  маалымат беришти. Мындан тышкары алар калктын көйгөйлөрүн угуп, арыз-даттанууларды жеринен кабыл алып, ыкчам чечүү аракеттерин көрүштү.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 10-апрель күнү Чүй жана Арал айылдарына барган милиция кызматкерлери өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан  “Мал уурулук”  рейдинин алкагында жергиликтүү тургундарды мал-жандыктарга сак болууга  жана коопсуздугун камсыздоо максатында түнкүсүн малдарды  талаага кароосуз калтырбоого чакырышты. Ошондой эле сарайлардын эшик, терезелерин бекитип, кулпу салуу боюнча бир катар кеңештерди беришти.

Андан сырткары, Чүй жана Арал айылдарынын жашоочуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын туура жеткирүү максатында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин өткөрүүдө, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды майрамдоодо ысырапкорчулукту кыскартуу керектиги эскертилип, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X