Жаратылышты жашылдандыралы

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жыл сайын жаз мезгилинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, тазалоо иштерин салтка айландырып алган. Быйыл да аталган министрликтин демилгеси менен “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында “Бир жарандан – бир көчөт” акциясы болуп өттү.

Өлкөбүздүн айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А.Жаныбековдун катышуусунда өткөн бул иш-чарада Чүй токой-аңчылык чарбасынын аймагындагы Ак-Бешим участкасында 5 га аянтка ар кандай жемиш багы, 1600 алма багынын жайкы сорттору жана 1500 даана туя отургузулду. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, элдин саламаттыгын, айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын сактоо максатында Президентибиз тарабынын “2022-жыл – Тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо жылы” деп жарыяланган. Жаратылышты жашылдандырууга багытталган мындай иш-чаралар жарандардын токойго болгон аяр мамилесин калыптандырууга жана аны коргоого жардам берет. Мөңгүлөрүбүздү сактап калуунун негизги жолу – жашыл мейкиндикти көбөйтүү. “Быйыл мурдагы жылдан да эки эсе көп көчөт отургузуу планыбыз бар. Жаратылыш – ата-бабалардан калган байлык гана эмес, биздин келечектеги урпактарыбыздан насыяга алган ресурс. Демек, ар бир кыргызстандык экологияны коргоого, айлананы жашылдандырууга өз салымын кошууга тийиш”,- деп баса белгилеген министр, токой байлыктарын сактоого жана көбөйтүүгө өз салымын аябаган ар бир жаранга ыраазычылыгын билдирди.

№32 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 5-апрели
Разия Жоошбаева

 

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X