Жаратылыштын коопсуздугу же адам өмүрүнө ким жооп берет?

Ушул жумада Ала-Арча капчыгайында дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү эки күндөн ашык убакытка созулган издөө иштеринен кийин, 9-ноябрда Электро чокусунун жанынан табылды. Өспүрүмдүн өлүмү коомчулукта чоң резонанс жаратты. Анын тоого жалгыз чыгып кетиши, жардам сурап кайрылганы жана издөө-куткаруу иштеринин жүрүшү ар кандай талкууну жаратып, бир катар суроолорду ортого салды. Адатта, кыргыз коомчулугунда мындай окуялар катталганда кызуу талкуу жүрүп, убакыт өткөн соң унутулуп калган учурлар аз эмес. Бирок, өзгөчө балдарга байланышкан мындай окуялар коомдук талкуу менен гана чектелбестен, коопсуздук системаларын кайра карап чыгууга түрткү бериши керек.

Тоого чыгуу акыркы жылдары жөн гана альпинисттердин спорттук кызыгуусу эмес, массалык эс алуунун жана туризмдин бир бөлүгүнө айланды. Айрыкча дем алыш күндөрү АлаАрча, Ала-Көл, Ак-Сай жана башка тоолуу аймактарга баргандардын саны көбөйүүдө. Алардын арасында тажрыйбалуу альпинисттер менен катар тоого биринчи жолу чыгып жаткандар жана өспүрүмдөр да катталып жатканы бар. Айрым блогерлер такыр даярдыгы жок топтоп өспүрүмдөр менен кошулуп, бийик тоолорго чыгып контент жаратып жатканын социалдык баракчалардан күн алыс көрүп жатабыз. Бул албетте, жакшы көрүнүш. Бирок, тоого барууну уюштуруу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана кырсык болгон учурда жардам көрсөтүү маселелери туристтердин санынын өсүшүнө жараша жетиштүү деңгээлде өнүкпөй жаткандыгы маселе жаратууда. Кыргызстан тоолорун дүйнөгө таанытып, туристтерди тартууга аракет кылып жатканда адам өмүрүнө жана жаратылышка келтирилген тобокелдиктер канчалык эске алынууда — деген суроо азыр да ачык бойдон калып келет.

Куткаруучулар жетиштүүбү?

Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоолуу аймактарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн бөлүмдөрү бар. Мисалы, Ала-Арчада «Эдельвейс» тоо куткаруу тобу иштейт. Мындан тышкары, чокуларда куткаруу иштерине катышкан атайын даярдыгы бар альпинисттер жана мамлекеттик эмес уюмдар да бар. Алар кадимки шарттагы издөө иштеринен кыйла айырмаланган шартта иштөөгө көнүшкөн. Бирок, бир эле учурда бир нече кырсык катталса, куткаруу кызматтарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин Амирдин окуясынан байкай алдык. Негизи тоо туризминде куткаруу иштери көп чыгым алып келүүчү иштерге кирет. Чет өлкөлүк альпинисттерди алыскы тоолордон алып чыгуу көп учурда тик учактарды, атайын жабдууларды жана бир нече куткаруучу топту талап кылат. Мындай операциялар мамлекетке олуттуу каражатка түшүшү мүмкүн. Андыктан акыркы окуяларды эске алып, тоо туризми, альпинизмдеги куткаруу иштерине ӨКМ өзүнчө маани берип, куткаруучуларды даярдоо менен алектениши керектиги зарылчылык болуп калды.

Мөңгүлөрдөгү адамдын изи

Тоого, чокуга чыккан адамдардын коопсуздугу менен катар жаратылышка тийгизген таасири да көңүл бурууну талап кылат. Туристтердин жана альпинисттердин агымы көбөйгөн сайын тоолуу аймактарда таштандылар, пластик бөтөлкөлөр, тамак-аш калдыктары, колдонулган жабдуулар жана башка булгануулар топтолууда. Мунун Кыргызстандагы белгилүү мисалдарынын бири – Ленин чокусу. Туризм департаментинин 2020-жылдагы маалыматына караганда, чокунун аймагындагы мөңгүдө таштандылар совет мезгилинен бери топтолуп келген. Кыргыз альпинизм клубу менен Улуу Британиядагы Эдинбург Напиер университетинин 2018–2019-жылдардагы изилдөөсүндө мөңгүдөгү экологиялык абал өтө начар деп бааланган. Андан кийин аймакты тазалоо, лагерлердин санитардык абалын жакшыртуу жана көзөмөл уюштуруу маселеси көтөрүлгөн. Бул бир гана таштанды маселеси эмес. Бийик тоолордо туристтик лагерлердин көбөйүшү, адамдардын көп жүрүшү, өсүмдүктөрдүн тебелениши жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнүн бузулушу да экологиялык басымды күчөтөт. Ал эми мөңгүлөргө байланыштуу маселеде илимий жактан так айырмачылык болушу керек. Альпинисттердин муз үстүндө басышы мөңгүлөрдүн эришинин негизги себеби эмес экендиги айтылып келет. Бирок, мөңгүлөрдүн азайышына биринчи кезекте глобалдык жылуулук, абанын температурасынын жогорулашы жана жаан-чачын режиминин өзгөрүшү таасир этет. Ошол эле учурда туристтик лагерлерден чыккан түтүн, күйүүчү майдын колдонулушу жана транспорттон бөлүнгөн кара көмүртек муздун бетине түшүп, анын күндүн нурун чагылдыруу жөндөмүн төмөндөтүшү мүмкүн. Натыйжада муз көбүрөөк жылуулук сиңирип, эрүү процесси тездеши ыктымал. Суу ресурстарынын булганышы да өзүнчө маселе. Жазгы мезгилде кар менен муз эригенде, тоодо калган биологиялык калдыктар менен химиялык заттар төмөн карай агып, жергиликтүү айылдар ичкен дарыяларды булгайт. Бул жергиликтүү тургундардын саламаттыгына жана айыл чарбасына коркунуч жаратат. Расмий маалыматтар боюнча акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 25%га кыскарып кеткен. Тоо боорлорундагы кардын бузулушу миңдеген адамдардын басуусу, чатыр тигүү үчүн музду оюу жана лагерлерди куруу мөңгүнүн үстүңкү катмарын жукартып, анын табигый түзүлүшүн бузат. Ушул жылы Непалда болгон табигый кырсыктар мөңгүлөргө болгон мамиленин кылдат болушу керектигин көрсөттү. Тоо туризмин ашыкча коммерциялаштырып алуудан улам, чокуларда топтолгон тоо көлдөрүнүн жарылып кетүүсү кандай кырсыкка алып келерин көрдүк. Андыктан бул тармакта стратегиялуу иш жүрүшү маанилүү.

Экологиялык көзөмөл жетиштүүбү?

Кыргызстанда туризм мамлекеттик деңгээлде артыкчылыктуу багыттардын бири катары каралууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдө эс алгандардын саны 1,9 миллионго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,4 эсеге өскөн. Бул көрсөткүч өлкөгө келген туристтердин жалпы саны эмес, эс алгандардын саны экенин эске алуу керек. Ошентсе да туризмге болгон суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтөт. Бирок, туристтердин көбөйүшү менен кошо экологиялык жоопкерчилик да күчөшү керек. Айрыкча мөңгүлөргө жакын жайгашкан лагерлерде таштандыларды чыгаруу, даараткана маселеси, күйүүчү майды пайдалануу жана санитардык көзөмөл боюнча бирдиктүү талаптар болушу зарыл. Тоо туризминин пайдасы Тоо туризми, альпинизм экологиялык жана коопсуздук маселелери менен катар экономикалык жагынан да кызыгууну жаратат. Кыргызстанга келген чет өлкөлүк альпинисттер гиддердин кызматын пайдаланышат, транспорт жалдашат, лагерлерде жашашат, тамакаш сатып алышат жана башка кызматтарга акча төлөшөт. Бул жергиликтүү тургундар үчүн киреше булагы, өлкө үчүн болсо туристтик рынокту өнүктүрүүнүн бир мүмкүнчүлүгү. Бирок туристтердин чыгымдарынын баары эле мамлекеттик бюджетке түз түшпөйт. Алсак, туристтик компаниялардын, гиддердин, транспорттук жана жайгаштыруу кызматтарынын кирешесине тиешелүү салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш. Ошол эле учурда туристтердин өздөрү төлөгөн акчанын канчасы Кыргызстанда калып, канчасы чет өлкөлүк операторлорго кетери да маанилүү. Маалыматтар боюнча, 2025- жылдын биринчи жарымында туризм тармагынан 160,6 миллион сом салык түшкөн. Бирок, бул көрсөткүч альпинизмден гана түшкөн салык эмес, туризм тармагынын жалпы салыктык түшүүлөрүн камтыйт. Ошондуктан бийик тоолорго чыккан альпинисттердин эсебинен бюджетке канча каражат түшүп жатканын өзүнчө эсептеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, мамлекет альпинисттерди куткарууга, чек ара көзөмөлүнө, инфраструктураны тейлөөгө жана экологиялык тазалоого да каражат жумшайт. Демек, туризмден түшкөн киреше менен аны тейлөөгө кеткен чыгымдарды салыштыруу маанилүү. 2026-жылы Кыргызстанда 7000 метрден бийик чокуларга чыгууга уруксат берүү системасын киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатовдун маалыматына караганда, алгач система Жеңиш чокусунда сыноо иретинде колдонулуп, кийин Ленин жана Хан-Теңири чокуларына жайылтылышы пландалган. Уруксат кагазынын баасы кеминде 200 доллар болору айтылган. Ошондой эле альпинисттер үчүн камсыздандыруу, тик учак менен эвакуациялоо мүмкүнчүлүгү, спорттук тажрыйба жана маршруттук баракча талаптары каралышы керектиги белгиленген.

Сактыкта кордук жок

Кыргызстандын тоолору өлкөнүн туристтик потенциалы гана эмес, суу ресурстарынын, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана табигый мурастын маанилүү бөлүгү. Ошондуктан тоо туризмин өнүктүрүүдө кирешени көбөйтүү менен катар жаратылышты жана адам өмүрүн коргоо да негизги багыт болушу керек. Тоого чыккан адамдардын, айрыкча жашы жете электердин коопсуздугу боюнча так эрежелер иштелип чыгып, алардын аткарылышы көзөмөлдөнүшү зарыл. Экинчиден, куткаруу кызматтарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, кадрдык курамы жана алыскы аймактардагы даярдыгын күчөтөлү. Санитардык абалды сактоо милдеттүү талап болуп, альпинизмден түшкөн киреше, уруксат төлөмдөрү жана куткарууга кеткен мамлекеттик чыгымдар боюнча ачык эсеп жүргүзүлүшү керек. Бул маселелер мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп, коопсуздук чаралары кылдат күчөтүлмөйүнчө Амирдин окуясы кайталана бериши ыктымал.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X