Илгертен кең Жумгал деп аталып келген “Чаек” айылында өнөр жай комбинаты боло турган. Анда өтүкчүлөр, тикмечилер жана устакана иштечү. Турдукан апа тикмечилердин башында, кол өнөрү мыкты айым дешчү. Ал апа Ормондун уулу Карымбайдын баласы Кудайберген аксакалдан кийинки карындашы экен. Карымбаев Кудайберген көптөгөн жылдар бою экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, андан кийин да райондук балдар үйүнүн директору, Чаек орто мектебинин директорунун кызматтарын өтөгөн. Эки жолку Ленин орденинин ээси болгон. Райондогу эң кадырман аталардан эле.
Атанын бир тууган карындашы тикмечи катары колунан көөрү төгүлгөн, кандай кийим болбосун бардыгын эп келиштирип тикчү чебер-уз болгон экен. Кезекке тургандар көп болуп, Турдукан апа күндүр-түндүр иштей берчү дешет. Иш ордунда, үйүндө деле тигүүчүлүк менен алектенчү дешет.
Согуштан кийинки 50-60-жылдардын аралыгы болуу керек. Мен анда 6-7-класста окучумун. Жай мезгили келип, айтылуу Соң-Көл жайлоосуна пионер лагерине кетмей болдук. Апам: “көйнөкчөн кантип барасың, жаан-чачын болот. Жүрү, Турдукан апаңа баралы, плащь тигип берсин” деп калды. Иши кылып калдыраган материалды таап чыгышты. Турдукан апа ары ченеп, бери ченеп эртең менен плащты даярдап коюптур.
Турдукан апа эч качан жок деп айтпаган асыл адам болгон дешет. Өтө боорукер, жардылардан жакшылыгын аяган эмес экен. Турмуш оор, дүкөндө кийим жок. Жумгалдын жогору жагы Ак-Татырдан, төмөн жагы Кызыл-Жылдыз, Беш-Теректен бери келин-кесек кийим тиктиргени кезектешип келишчү.
Кезеги келгенде айта кетчү кеп, Турдукан апа жалгыз небереси Автандилди төрт жашынан багып чоңойткон. Автандилдин өз энеси Зина ал төрт жашта кезинде эле өтүп кеткен. Атасы Илдуз турмуш куруп, өзүнчө бөлүнүп бөлөк турмушта жашаган.
Эми тикмечи апа кимди тарбиялап, кимди өстүргөн. Ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү ишкер Автандил Кулбараков. Ал чоң энесин тартып, элге кайрымдуулугун аябай келе жатат. Ал жөнүндө эки китеп чыгарылып, бардык жардамдары кеңири чагылдырылат. Кыскасы бир жылда 1 миллион 200 миң сомдун тегерегинде акчаны кайрымдуулукка сарптайт. Мен анын чоң апасын жазбай тарткандыгын гана баса белгилегим келет. Турдукан ападай апалар көп болсун.
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Билим Карагулов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер