"Эркин-Тоо"

Жарыгыбыз суукка көз карандыбы?

Кыргызстанга кыш келбесе эле өлкөнүн энергетика тармагында маселе жаралбай калат беле дейм да. Анткени, жыл сайын күз-кыш мезгилинде энергоресурстарга бай мамлекетибизде электр энергиясынын көйгөйү жаралат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин трибунасынан, “Көмүр келбесе, анда баары суукка көз каранды. Эгер суук болсо, анда чектөө киргизебиз” деп, өзүнө ишенип-ишенбей жооп узатканына деле таң калбай туралы. Себеби, алысты болжогон энергетикалык программанын жоктугунанбы, же чабалдыгыбы, айтор, качан көрсөң ушул маселе кырынан турганы турган. Кыскасы суук эле болбосо, өчүрүүлөр болбой жыргап жашай бермекпиз деген таризде жоопту уккандан жадабай калдык.

Буга чейин “Бишкек жылуулук борборуна КараКеченин көмүрүн жагабыз, миллиондогон сом үнөмдөйбүз” дешкендер болгон. Бирок, жаңы министрдин келиши менен кыска мөөнөттө Казакстандан тендерсиз 400 миң тонна көмүр сатып алуу зарылчылыгын белгилеген. Анысы деле туурадыр. Бирок, кылычын алып кирип келген кыш эч кимди күтпөйт экен да. Азырынча канча көмүр ташылып келди, так маалымат жок. Андан калса, кечээ жакында эле аймактардагы, баш калаабыздагы күтүүсүз өчүрүүлөр тууралуу ыкчам маалымат берген эч ким болбоду. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ишканасынан, “түйүнгө күч келгендиктен жана авария тобокелдиктеринен улам электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калып жатат” деп кеч болсо деп түшүндүрмө берди.

Анан дагы күз-кыш жылытуу мезгилинин соңунда Бишкектин ЖЭБди борбор калаанын мэриясына берүү пландалып жатканын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Шаардыктарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоого жыл сайын кошумча 5,5 миллиард сом чыгашага шаардык бюджет туруштук бере алабы? Бул дагы маселе жаратпайбы? Энергетика министри Таалайбек Ибраев мырзанын алысты болжогон энергетикалык саясатын азырынча түшүнүү кыйын. Министрлер Кабинети күз-кыш мезгилине карата тиешелүү каражатты бөлүп, электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесинин алдын алып жаткан шартта министрдин ишенимсиз аракети министрликтин аброюна көлөкө түшүрүп жаткан жокпу?

№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Шекербек КАЛЫКОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!