Жасалма ПЦР-тесттерди даярдаган канал аныкталды
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жана чет мамлекеттердин диагностикалык лабораторияларынын QR коддору менен коронавируска ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар делип кыргызстандык К.А.А. аттуу жаран кармалды. Анын смартфонун текшерүү учурунда жергиликтүү жана чет элдик диагностикалык лабораториялардын белгилүү тармактарынын бир миңден ашык жасалма электрондук сертификаттары табылган.
Чогултулган материалдар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдары диагностикалык лабораториялардын кызматкерлеринин өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерге катышуусу мүмкүндүгүн текшерүүгө, жана ошондой эле жасалма ПЦР-тесттерин өндүрүү жана таратуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка бардык адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
КР УКМК расмий документтерди жасалмалоо, сатуу, даярдоо жана пайдалануу мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.