Жаш балбандарга 150 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды

14-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 15 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айында Бишкекте өткөн бул ири эл аралык мелдешке Азиянын 45 өлкөсүнөн 500дөн ашуун спортчу катышкан. Кыргызстандын жаш балбандары жалпы 30 медаль — анын ичинде 5 алтын, 8 күмүш жана 17 коло байге уткан.

Иш-чарада Адылбек Касымалиев спортчуларды мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан куттуктай келе, бул жеңиштер жаштардын эрктүүлүгүнүн жана Мекенге болгон сүйүүсүнүн далили экенин белгиледи.

«Акыркы жылдары өлкөбүздө спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча көп иштер жүргүзүлүп, таланттуу улан-кыздарга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мына ушул аракеттердин аркасында Кыргызстанда сиздердей күчтүү, аракетчил, дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын жаңы мууну өсүп келе жатат», — деди ал.

Жеңүүчүлөргө 150 миң, 100 миң жана 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

14-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X