Жаш мугалимдер эл аралык сынакта Гран-при алып, Жогорку Кеңеште сыйланды

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 90

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев эл аралык сынакта Гран-при жеңип алган П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин жаш мугалимдери менен жолугушту.

Асел Байсеитова, Асия Чотбаева жана Яна Бегматова 5–10-июль күндөрү Грузиянын Кобулети шаарында өткөн «LUX KIDS STAR» эл аралык сынагына катышып, баш байгеге ээ болушкан. Жаш адистердин сынакка барып-келүүсүнө байланышкан жол чыгымдарын каржылоого Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан 135 миң сом бөлүнгөн.Возможно, это изображение текст

Жолугушууда Мирлан Жеенчороев жаш мугалимдерди ийгилиги менен куттуктап, чыгармачыл жаштарды колдоо жана алардын эл аралык сынактарга катышуусуна шарт түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде мугалимдер көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, мындай мүмкүнчүлүк кыргызстандык таланттарды жана өлкөнүн маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө болорун айтышты.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X