Жаштар коррупцияга каршы бирикти
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдындагы Жаштар альянсынын ачылыш аземи өттү. Ага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан жана аймактарынан келген 90дон ашуун жаш лидер, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев коррупцияга каршы саясат жана коомдо коррупцияга келишпестик маданиятын калыптандыруу боюнча баяндама жасады.
Ал өз сөзүндө жаштарды мыйзамдуулук, чынчылдык жана ак ниеттүүлүк баалуулуктарын жайылтууга тартуу маанилүү экенин белгилеп, ар бир жарандын укуктук жана этикалык нормаларды сактоодогу жеке жоопкерчилигине токтолду.
Ошондой эле Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жана Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Талкууга Башкы прокуратуранын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү да катышты.
Жаштар альянсынын төрагасы Бектан Кыдыев уюмдун миссиясы, максаттары жана уюштуруу түзүмү тууралуу маалымат берди. Демилгени Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү да колдошту.