Жазуучу Аскарали Ражабалиев: “Балалык сүйүүм өмүр бою чыгармачылык азык болду”
(Башталышы гезиттин 07.03.22 №24 санында)
АДАБИЯТТЫН БАШКЫ ВАЗИЙПАСЫ
Орустун жазуучусу Валентин Катаев: “Адабияттын эң негизги милдети – адамдарды нравалуулукка тарбиялоо” деп айткан. “Адап” деген сөз арабдын сөзү. Адабият деген сөз ошол адаптан келип чыккан. Адамды ыйманга, адамгерчиликке тарбиялоо, үгүттөө. Жалаң эле адамдан эмес, жаратылыштан, табияттан да тарбия алыш керек. Эгер сен бала кезден табияттын асыл, таза жагын сезе билип, эргип, толкундансаң, ал сенин ички жан-дүйнөңдү өмүр бою жаркытып турган касиетке ээ болот. Мен чыгарма жазып жаткан кезде каармандарымдын образын, маанайын ачып берүү үчүн жаратылыштын да учурларын кошо сүрөттөп бергенге аракет кылам. Адамдын өзүн эле жаза берсең, анын образы жеткиликтүү ачылбай калат. Анткени, бизди жаратылыш курчап турат. Каармандын жүрүм-туруму менен жаратылышты кошо сүрөттөп жүрүп отурсаң жакшы болот. Табиятты биз байкабасак дагы, биздин жан-дүйнөбүзгө таасир этип турат.
“ЭКИ ДООРДО ЖАШАП, ЧЫГАРМА ЖАЗЫП ЖАТАМ”
Социалисттик доор менен капиталисттик доордогу адабияттын бири-бирине окшош жактары да, айырмасы да бар. Менин жеке баамымда өткөн кылымдын 50-80-жылдарындагы жазуучулар менен азыркы доордун жазуучуларынын баяндоо ыкмасында анчейин деле айырмачылык байкалбайт. Бирок, азыркы жазуучуларда ченемсиз эркиндик бар. Баштагыдай чектөөлөр жок. Мен эки доордо жашап, чыгарма жазып жатам деп айтсам болот. Доор өзгөргөн сайын адабияттын да стили, ички мазмуну, формасы өзгөрөт. Себеби, учур ошону талап кылат. Мисалы, 1917-жылдагы Октябрь революциясындагы улуу өзгөрүш, элдик толкундоолордун шары, үнү Маяковский сыяктуу трибун акындын жаралышына өбөлгө болду. Ошол кезде биздин адабиятта да Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев сыяктуу акындар чыкты. Азыркы доор да мага катуу таасир берди, бирок мага совет заманындагы адамдардын турмушу, мүнөзү алда канча жакыныраак десем болот. Анткени, мен ошол доордо туулуп өстүм, эр жеттим, билим алдым, жазуучу катары калыптандым. Ал эми азыркы доордун турмушун арадан он-он беш жыл өткөндөн кийин жазуучулар сөзсүз жазып чыгат деген ишеничтемин. Султан Раев, Арслан Койчиев сыяктуу айрым алдыңкы көз караштагы жазуучулар азыртан эле жаза башташты. Бул көрүнүш Раевдин чыгармачылыгынан күчтүү байкалат. Азыркы доорду жазыш үчүн жазуучулар адегенде ошол доордо жашап, анын ой-кырын аңдап, ысыгына күйүп, суугуна тоңуш керек. Айрым сынчылар азыр адабият начарлап кетти, пастап кетти деп айтып жатышат. Менимче, бул туура эмес көз караш. Мисалы, Арслан Койчиев өткөн доордогу эски турмушту баяндаса да азыркы кездин, учурдун көз карашы менен бергенге, сүрөттөгөнгө аракет кылып жатат.
“МЕН ЭМНЕГЕ КУБАНАМ?”
Биринчиден, адамдардын турмушу өзгөрдү, көз карашы өзгөрдү. СССР ураган 90-жылдары айрым жазуучуларыбыз базарга чыгып соода кылып калышты. А Мурза Гапаров сыяктуу таланттуу жазучуларбыздын чыгармалары жарыкка чыкса да окулбай калды. Көпчүлүк эл детектив сыяктуу жеңил-желпи чыгармаларга тап койду. А бул нерсе жүрүп отуруп окурмандардын, айрыкча жаштардын табитин бузду. Ашым Жакыпбеков, Мурза Гапаров, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев сыяктуу олуттуу адабиятты, поэзияны жараткан акын-жазуучулардын чыгармалары мурдагыдай окулбай калды. Аны окуп, түшүнүүгө кудуретсиз болуп калышты. Бирок, акыркы мезгилде бул процесс бир аз жанданды. Мени мектептер жолугуушууга көп чакырат. Окуучулардын арасында адабиятка, болгондо да чыныгы олуттуу, көркөм адабиятка кызыккандар арбын болуп баратат. Мен ушуга кубанам. Бул эми убактылуу нерсе деп ойлойм. Илгертен эле заман бирде өйдө, бирде ылдый болуп, ошого жараша адамдардын көз караштары да өзгөрүп келген. Бирок, жер бетинде адамзаттын жашоосу өтүп турган кезде адабият сөзсүз жашайт, өсөт, өнүгөт. Эл бар жерде эч качан көркөм адабият, өнөр соолубайт деп ойлойм.
“ГОВОР”, “ДИАЛЕКТ” МАСЕЛЕСИ
“Говор”, “диалект” сөздөр тээ союз кезинен бери эле көкүрөгүмдү өйүп келет. Муну Мурза Гапаров да көп айтып калаар эле. Географиялык абалга жараша борбордон обочо жайланышып калган район, облустарыбыз бар. Мисалы, Баткен облусун, ичкилик кыргыздарды алалы. Биз өзбек, тажиктер менен эзелтен коңшу жашайбыз. Дыйканчылыкта, соода-сатыкта, кала берсе үй-бүлөлүк турмушта да алар менен куда-сөөк болуп, карым-катыш жасайбыз. Бул бир жагы. Экинчи жагы, ар бир сөздүн жаралуу тарыхы бар. Алар жүздөгөн, миңдеген жылдар мурда пайда болуп, элдин күнүмдүк турмушунда байма-бай колдонулуп келет. Ал жөн эле сөз эмес, тонна жүктү көтөрүп турат. Абстракттуу, же конкреттүү сөз болобу, биздин ата-бабалар ал сөздөрдү миңдеген жылдардан бери колдонуп келатат. Эмне үчүн ал сөздөр “адабий тилдин нормасына туура келбейт” деген бир тараптуу аныктаманын негизинде сүйлөнбөй, айтылбай, унутта калыш керек. Менимче, алгачкы акын-жазуучулар, адабиятчылар, тилчилер Чүй, Көл тараптан чыгып калган да, алар түндүк кыргыздардын тилин адабий тилдин нормасы катары кабыл алып коюшкан. Түштүктүк кыргыздардын тилин анчейин түшүнгөн эмес. Ошол боюнча биздин тил чектелип калды. Азыр кыргыз тилинде 40-50 миң сөз корубуз бар деп жүрүшөт. Эгерде буга түштүктүк кыргыздардын “говор”, диалект” деп атап койгон сөздөрүн кошконубузда биздин сөз корубуз 100 миңден ашмак. Кыргыз деген эң байыркы эл. Анан кантип эле сөз кору 40 миң болуп калсын. Орустар өздөрүнүн сөз корун 200 миңден ашуун деп жатышат. Алардын сөздөрүн карап отурсаң түрк тилдүү сөздөр аябай көп учурайт. Мисалы, “бороон” деген сөзүбүздү “буран”, “бурганакты” “пурга” деп алган.ж.б. Алар орус тилинин грамматикалык, фонетикалык өзгөчөлүгүнө жараша баш ийдирип, өздөрүнүн сөзү кылып алган. А биз болсо өзүбүздүн сөзүбүздү өзүбүз танып келебиз. Азырынча улуу муундагы адамдар ал сөздөрдүн маанисин билет, а эртең муун алмашкандан кийин, кийинки жаштар ал сөздөрдү таптакыр унутуп, колдонбой калат. Алардын алды эмитен эле унута башташты. Ошол үчүн мен “говор”, “диалектилерди” атайын жазып жатам. Жазганда да ыңгайына, маанисине жараша жазып, алдына түшүндүрмөлөрүн берем.
№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
(Уландысы бар)
Өмүрбек Тиллебаев