"Эркин-Тоо"

Жазуучу Аскарали Ражабалиев: “Балалык сүйүүм өмүр бою чыгармачылык азык болду”

(Башталышы гезиттин өткөн сандарында)

“ГОВОР”, “ДИАЛЕКТ” МАСЕЛЕСИ

Мен буга дагы бир мисал келтиргим келет. Италиянын 2000 жылдык тарыхы бар. Андан аркысын эсептебей деле койсок болот. Италияда Сицилия, Рум, Түндүк диалектиси болуп 3 диалекти колдонулат. Эгер акын, же жазуучу ушул үч диалектинин кайсы аймагынан чыккан болсо, ошол диалектиде чыгармаларын жаза берет. Анан кааласа жалпы адабий тилдин нормасында жазат. Тил жактан эч кандай чектөө болбойт. Бул деген кылымдардан бери жашап келе жаткан сөз жоголбойт дегенди түшүндүрөт. Бизде деле ошондой кылса болот. Эгер дагы бир 20-50 жыл колдонбосок, анда ал сөздөрүбүздүн баары таптакыр жок болот. Алыс барбай эле жакын коңшубуз Өзбекстанды алалы. Хорезмде жашаган өзбектер менен Ферганада жашаган өзбектердин тили түркмөн менен өзбектердин тилиндей айырмаланып турат. Бизде дагы, Кудайга шүгүр, түндүк менен түштүктө жашаган элдерибиз бири-биринин сөзүн эң  жакшы түшүнөт. Хорезмдиктер менен ферганалыктар бири-биринин сөзүн түшүнбөйт. Ошого карабастан алардын телепрограммаларын көрүп, адабий китептерин, гезит-журналдарын окусаң ар бир региондун, аймактын сөздөрүн учуратасың. Алар аны эрөөн-төрөн көрбөйт, бөлбөйт, жерибейт. Акырын эл окуп түшүнө берет, жаштарына да сиңе берет. Мен алардын техникалык сөздүгүн да окуп калдым. Өзбектердин жаңы сөздөрдү жасоо чеберчилиги да жогору. Мисалы, илимий, техникалык бир сөздү колдонуш керек болсо алар  сөзсүз ыгын таап, маанисин бузбай өзбек тилине которуп алат. Керек болсо эски сөздөрүн колдонуп, ошол терминди жаңыча атап алат. А биз өзүбүздүн сөзүбүздү өзүбүз чанабыз. Мына бизде “мулайим” деген сөз бар. Бул сөздүн маанисин түшүндүрүш үчүн беш-алты сөздү жазууга туура келет. Адабий тилде жумшак деп коет. Жумшак деген сөз мулайимдин жанында таштай эле катуу болуп калат. Жүзүндө сүйкүмдүүлүк, уурутунда күлкү уялап турган, эрте менен чыккан күндөй жүзү жаркып турган адамдарды мулайим деп коет. Өтө сылык, ар качан адамдарга жакшылык кылган, мээрими төгүлүп тургандарды айтат. Эмне үчүн биз “мулайим” деген сөздү колдонбошубуз керек? Мына “майин” деген сөздү азыр кадимкидей эле колдонуп калышты. Бир убакта “диалект” сөз деп жеришчү эле.

Мен азыр ичкилик кыргыздар башта кандай сүйлөсө, дал ошондой тилде бир чыгарма жазып жатам. Мейли, башкалар түшүнбөсө түшүнбөсүн. Керек болсо өздөрү ал сөздөрдүн маанисин издеп таап, окуп, түшүнүп алышат. Мен өткөн кылымдын 50-60-жылдары ичкилик кыргыздар кандай сүйлөгөн болсо дал ошондой кылып, интоннациялык өзгөчүлүгү, сөз басымдары, сырдык сөздөрү, буюм-тайымдардын аталыш айырмачылыгы менен жазам. Азыр жаштар ал сөздөрдү акырындык менен унутуп баратат. Анткени, бул эстелик болуп калат. Кийинки муундар пайдаланат. Мына Жээнбай Мукамбаев агай учурунда “говор”, диалект сөздөрдү чогултуп, жазып кетти эле, азыр эл пайдаланып жатат. Ал киши кыргыздар үчүн эң сонун мурас калтырып кеткен.

 

МУРЗА ГАПАРОВ, ЖОЛОН МАМЫТОВ ЖӨНҮНДӨ

Ал кишилер экөө тең кыргыздын кайра жаралгыс улуу таланттары. Устатым Мурза Гапаров тууралуу айтайын, бул киши туруш-турпаты менен асыл адам эле. Кудай бул кишиге өңдү да, бойду да, ойду да, талантты да берип, төгөрөгүн төп кылып жараткан экен. Мурза аке өң-келбети, сырты кандай келишкен мырза болсо, анын ички дүйнөсү да ошондой сулуу, бизче айтканда мулайим киши эле. Кээ бир адамдардын сырты сулуу, бирок ички дүйнөсүнө үңүлсөң көңүлүң айныйт. Анан да Мурза аке адамгерчиликтүү, меймандос адам эле. Тапканын башка адамдар менен бөлүшкөндөн ырахат алган жан болчу. Өзү да пуладай жумшак киши эле.  Мурза Гапаров ар бир чыгармасында адамдардын ички жан туйгусуна, сезимине,  образына  жаратылыштын кооздугун, сулуулугун  айкалыштыра билген  чебер жазуучу. “Дарыялардын шоокумунда” бир кезде шаркырап дарыя аккан, кийин соолуп калган сайды жата калып тыңшаган абышканын образы кандай керемет берилген. Ары-бери каттаган жолоочулар ысыктын күнүндө муздак суудан ичип, чаңкоосун кандырсын деп эл көп жүргөн жолдун четине суу алып чыгып коет. Бизге азыр дал ошол Мурза аке жазып кеткен соопчулук, кайрымдуулук жетишпей жатат. “Айгүл тоо” деген чыгармасындагы карыя адамдарга бир жакшылык жасасам экен деп төгүлүп турат. Ал эми Жолон Мамытов тубаса акын төрөлгөн жан болчу. Анын туруш-турпаты, кыймыл-аракети, жан-дүйнөсү да чыныгы акын эле. Акындын ыр окуганы эмдигиче көз алдымда турат. Ээлигип, алып-учуп, ошол жазган ыры менен жан бирге болуп, башкача бир толкунданып окуйт болчу. Көрсө, акын ошол ыры менен кошо жашайт экен.

 

УСТАТТЫН ТААЛИМИ

«Өмүрдүн максаты – бул жарык дүйнөгө келип, анан өзүң тапканды өзүң эле жеп алып кете берүү эмес» дейт жазуучу.

Бирөөгө жакшылык жасоо – адамгерчиликтин жеткен чеги.  Адабияттын деле башкы максаты ошол болсо керек деп ойлойм. Мурза Гапаров мага минтип  акыл-насаатын айтаар эле: “Аскар, сен бир теманы жазмакчы болсоң, дароо эле үстөлгө олтуруп, жазып кирбе. Ал теманы алгач терең түшүн, данегин чак. Айылдагы адамдар  бир малын, же коюн бөлүп алып, ага өзүнчө чөп салып, кошумча жем берип бордоп семирткендей, сен да ошол теманы жан-дүйнөңдө жетесине жеткире бышыр. Бир чыгарманы  беш-алты жыл башта эле оюңда, көкүрөгүңдө бапестеп, багып жүрө бер. Анан ага улам жаңы пайда болгон ойлоруңду, окуяларды кош. Анан ал өзү эле бир күнү даяр болуп, «мени жазбайсыңбы” деп сени түртүп калат». Мурза акенин башка жазуучуларда жок бир сапаты, касиети дал мына ушунда болгон. Ал бир чыгарманы жазыш керек болсо, ошондогу каармандын жашоо-образын өз башынан өткөргөнгө аракет кылган. Ал үчүн  алыскы Мургаб болобу, же өзүбүздүн Ысык-Көл, Баткен, Ош болобу атайын барып, ошол жердин табиятын, жашоо-шартын, адамдарын өз көзү менен көрүп, анан чыгарма жазган.

№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты 
Өмүрбек Тиллебаев