Жазуучу Аскарали Ражабалиев: “Балалык сүйүүм өмүр бою чыгармачылык азык болду”
Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Эгер адам бала кезинде, же өспүрүм курагында бүткүл кийинки өмүрүнө таасир бере тургандай улуу бир окуяны баштан кечирбесе, андай адамдан жазуучу чыгышы кыйын” деп айтканы бар. Белгилүү жазуучу Аскарали Ражабалиев да аска-зоолуу бийик тоолордун ортосунда, Баткендин өрүкзарларынын арасында, тунук кашка Көк-Дайранын жээгинде туулуп-өсүп, эр жетип, өмүр бою элетте жашап, чыгармачылык менен алектенип келет. Жазуучу чыгармаларында Мурза Гапаров сыяктуу диалект, говор сөздөрдү өтө чеберчилик менен пайдалана билет. Анын “Ай түшкө кирет”, “Сагыныч кушу”, “Көпөлөктүү өрөөн”, “Кожешкен – ыйык турагым”, “Мусаапыр”, “Бейиштөр” аттуу китептериндеги аңгеме, повесттеринен поэзиянын ыргагы, деми, оту сезилип турат. Жазуучу балалык чагы, Баткендин гүлдөгөн өрүктөрүндөй болгон алгачкы апапак ак бантик аруу сүйүүсү, адабитятка кадам таштаган кези, жетилүү курагы, устаттары, жазуучулук өнөрканасы тууралуу биз менен кеңири ой бөлүштү.
БАЛАЛЫК СҮЙҮҮНҮН АК КУШУ
Ар бир жазуучунун чыгармачыл көрөңгөсү тээ бала кезинен тартып көкүрөгүнө уялайт экен. Ага жазуучу жашаган доордогу адамдардын кулк-мүнөзү, жашоо-турмушу, кубанычы, кайгысы таасир этет. Менде ошондой сезим-туюм бар окшойт, жаш кезимен адамдардын жүрүм-турумуна, мүнөзүнө, сүйлөгөн сөздөрүнө астейдил көңүл бурар элем. Экинчи бир таасир – менин туулуп өскөн айылым болду. Биздин айыл 60-70 түтүн адам жашаган кичинекей эле айыл болчу. Бирок, табияты ушунчалык кооз, айылдын четинен Көк-Дайра деген чоң дарыя агып өтөт. Айылымдын аты Зар-Таш, узундугу бир чакырым, туурасы 300 метр келет. Жазда дарыя ташкындап киргенде, суу айылдыктардын дал эле эшигинин түбүнө чейин келер эле. Азоо дайраны карап, бизди качан шыпырып алып кетет экен деп кооптонуп турушчу. Анан бизде үч бурчтук жыгачтарды тургузуп, ага шакты басып, ортосуна ташты толтуруп, тосмо кылып коет эле. Үйүбүздү, эгинибизди жууп кетпесе экен деп чочулап турушар эле. Ал дайранын жээги жыш токой. Жылгын, кара карагат, сары карагат, чычырканак өсөт. Дарыянын ар бир 50-100 метр жеринен кара суу сызылып агып чыгып дарыяга кошулат. Балыктар тукумдаган кезде ошол кара сууга чыгып тукумдаар эле. Балдары жарым карыш, бир карыш болгонго чейин ошол сууда жыш болуп балыктар тирелип калчу. Биз уй кайтарып жүрүп балык уулар элек. Анан биздин айыл өтө өрүкзарлуу айыл. Биздин айыл менен Ак-Турпак деген айылдын ортосу 6-7 чакырым келет. Эки айылдын ортосундагы өрүкзар жаз айында тим эле ак туман болуп көркүнө чыкчу. Ошол өрүкзардын арасында чоңойдум. Эрте менен жер жарый электе айылдын 20-30 чакты балдар-кыздары өрүкзарды аралап, кубалашып ойноп, мектепке жөнөр элек. Кийинчерээк мектепке эшек менен каттачу болдук. Кыздарды учкаштырып алабыз. Анан турмуш оңолуп калганда ата-энебиз ар бирибизге велосипед сатып берди. Бул биз үчүн айтып бүткүс чоң майрам, кубаныч болду. Тең курбу уул балдардын ар биринин велосипедке учкаштырып ала турган кыздары боло турган. Жетинчи, сегизинчи класстагы окуучунун балалык сүйүүсү ага кийин өмүр бою азык боло турган, сөз менен айтып бере алгыс бир керемет сезим эмеспи. Менден бир класс кийин 7-класста окуган бир татынакай кыз бар эле. Мен ошол кызды жактырат элем. Ал кызды алдыма өңөрүп алыш үчүн артыма дагы бир кызды учкаштырып алчумун. Анан жолдо тердеп-кургап чарчаганда жол жээгине чалкаман түшүп жата калар элем. Ал кыз мени чарчадыңбы деп, жүз аарчысын алып чыгып, маңдайымдан аарчыйт эле. Ошол балалык сүйүүнүн ак кушу, тунук сезимдер мага түбөлүк соолбос булак, дарыя болгон экен. Азырга чейин илхам келбей калган учурларда отуруп сүкүт салып, ошол балалык сүйүүмдү эстесем, мага кубат, шык берет. Ал сүйүүм тээ алыстагы жылдыздын жарыгындай жаркырап, чырак болуп күйүп турат.
ПОЭТИКАЛУУ ПРОЗА
Мен чыгармачылыгымды эң алгач ыр жазуу менен баштагамын. Ырларым райондук гезиттерге чыгып жүрдү. Ошол кездеги жаштарга кыргыздын үлкөн, таланттуу акыны Жолон Мамытовдун таасири аябай күчтүү эле. Аны туурап жаштардын көбү ыр жазчу. Бир жолу Жолон аке менин бир-эки ырымды обзорго мактап да коюптур. Анан мен бир дептерге ырларымды, бир дептерге прозалык чыгармаларымды жазып алып барып бердим. Жолон аке окуп чыгып: “Аскар, сенин көкүрөгүңдө ыр бар экен, бирок ошол ырдагы ойду сен проза аркылуу бергенге жөндөмдүү көрүнөсүң, мындан кийин ыр жазбай эле кара сөз жаз” деп кеңешин берди. Ошондон кийин мен биротоло проза жазганга өттүм. Бирок, проза жазсам да арасына сөзсүз беш-алты сап ыр кошуп коем. Анткени, ырдын бир касиеттүү күчү бар, кээде канча аракет кылсаң да оюңду жеткиликтүү айта албай кыйналасың. Ошол жетишпей жаткан жерге төрт-беш сап ыр жазып кошуп койсоң тим эле гүл үстүнө гүл болуп, чыгарма мазмунуна, көркүнө чыга түшөт. Султан Раев да “Аскар аке, сиздин чыгармаларыңыз ыр окугандай окулат” деп айтып калат. Табиятынан акын жаралган адам менен чыныгы прозачы жазган чыгарма кантсе да билинип турат. Поэтикалуу проза адамга жугумдуу, таасирдүү болот.
АЛГАЧКЫ ТААСИРЛЕР
Мага эң биринчи Чеховдун аңгемелери аябай таасир берди. Анткени, Чеховдун прозалары да ыр жыттанып турат. Андан кийин орус элинин дагы бир классик жазуучусу Бунинден таасир алдым. Буниндин чыгармалары көп жылдардан бери кыргызчага которулбай келди. Жакында гана Таштанбек Чакиев деген жигит которуп чыкты. Булардан башка орустун Юрий Казаков деген мыкты жазуучусу бар. Анын прозасынан да баштан-аяк ырдын ыргагы сезилип турат. Өткөн кылымдын 70-жылдары анын аңгемелери Париждеги адабий журналга дайым чыгып турчу. Булардан сырткары америкалык О. Генри деген мыкты жазуучудан чеберчиликти үйрөндүм. Кийинчерээк жапон адабиятынын мыкты өкүлдөрү Кавабата, Акутавага, Сайкаку, анан да кыска-кыска, он-он беш сап ырлары менен опол тоодой ойлорду айткан акындардан көп таасирлерди алдым. Ал эми өзүбүздүн кыргыз жазуучуларынын ичинен Мукай Элебаевдин прозалары мага аябай жагат. Ар дайым сүйүп окуйм. Анан албетте, устатым Мурза Гапаровду айтпай кетсем болбос. Бул кишинин чыгармаларынан өтө көп сабак алдым. Ал кишинин жүргөн-турганы, адамдарга жасаган алпейим, жумшак мамилеси мага үлгү болду. Мен Мурза Гапаров менен Жолон Мамытовду өзүмдүн устаттарым деп эсептейм.
(Уландысы бар)
Өмүрбек Тиллебаев