Жээнбек Кулубаев Грузиянын премьер-министри менен кызматташтыкты талкуулады

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 22-октябрда «Борбордук Азия – Грузия» форматындагы тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышуу үчүн Грузиянын Батуми шаарына барды.

Сапардын алкагында министр Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин атынан уюштурулган расмий кечки тамакка катышты.

Иш-чарада тараптар саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолушту.Возможно, это изображение один или несколько человек и костюм

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жеткирип, Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X