Жээнбек Кулубаев Грузиянын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

2026-жылдын 22-октябрында Грузиянын Батуми шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Грузиянын саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңири талкуулашты. Туризм маселелерине, ошондой эле маданий-гуманитардык жана аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүүнүн жаңы этабына жол ачкан 2026-жылдын июнь айындагы Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргыз Республикасына жасаган алгачкы расмий сапарынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар эки мамлекеттин лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.  Возможно, это изображение стол
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Грузиянын Парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган Грузиянын Парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвилинин Кыргызстанга пландылып жаткан алдыдагы расмий сапарынын маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мака Бочоришвилини 2027-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X