ЖК Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү министри кызматына жактырды

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 31
Жогорку Кеңештин депутаттары КР Билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды. Белгилүү болгондой 76 депутат аны колдоп, каршы чыккандар болгон эмес.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген. Ал эми 2021-жылдын июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп шайланып,  2021-жылдын август айында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалганы маалым.
16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X