ЖК балдардын тамак-аш коопсуздугун көзөмөлгө алат

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 106

Жогорку Кеңеште балдар жана жаштар арасында жеткиликтүү энергетикалык суусундуктардын, ошондой эле ден соолукка терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйында комиссиянын төрайымы болуп депутат Токтобүбү Ашымбаева шайланды. Анын орун басарлары болуп Илимбек Кубанычбеков жана Жылдыз Садырбаева дайындалды. Ошондой эле комиссиянын катчылыгы жана иш тартиби бекитилди.

Комиссия балдар жана жаштар керектеген энергетикалык суусундуктар менен тамак-аш азыктарынын сапатына көзөмөл жүргүзүү системасынын натыйжалуулугун иликтейт. Мындан тышкары, мектептерди жана бала бакчаларды коопсуз, сапаттуу, ата мекендик органикалык азык-түлүк менен камсыз кылуу маселесин карайт.

Иликтөөнүн жыйынтыгында тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана билим берүү мекемелерин органикалык азык-түлүк менен камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Белгилей кетсек, убактылуу комиссия Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун демилгеси менен түзүлгөн.

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X