ЖК депутаты Элмурза САТЫБАЛДИЕВ: “Бул аракет эл-жерге болгон камкордук”
— Жакында Президент Садыр Жапаров ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматына атайын техникаларды тапшырды. Сиз бул саамалыкты кандай кабыл алдыңыз?

“Бул аракет эл-жерге болгон камкордук”
— Өлкө башчысы Садыр Нургожоевич белгилегендей мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү мамлекеттин аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды. Учурда чек арада жашаган мекендештердин тынч жашоосун камсыздоо, коңшулук, достук мамилелерди бекемдөө ар бир жарандын атуулдук парзы. Президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын кесипкөй болушун талап кылып, террористтик, экстремисттик жана кылмыштуу топтордун чек арадан өтүп кетишине жол бербөө үчүн олуттуу милдеттерди коюшууда. ӨКМге 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар берилди. Өрт өчүрүүчү унааларды жаңылоо 2008-жылдан бери болгон эмес эле. Ал эми УКМКнын Чек ара кызматына 50 КАМАЗ, 55 “Тигр” зооттолгон унааларды тапшырды. Баш-аягы 105 аскердик техника өзүбүздүн бюджеттин эсебинен сатылып алынды. Бул абдан жакшы. Садыр Нургожоевич быйыл ӨКМге бюджеттен 300 млн сомдон ашык каражатка элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн техникаларды жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алынаарын айтты. Негизинен бийлик жетекчилеринин бул аракети эл-жерге болгон камкордук. Эң негизгиси өлкөбүз тынч, элибиз аман болсун.
№31 «Эркин-Тоо» гезити
2021-жылдын 1-апрели
Жазгүл Карбосова