ЖК депутаты Шарапаткан МАЖИТОВА: “Эл-жерге кызмат кылайын деп депутаттыкка аттандым”
Мамлекетибиздин экономикасын, элибиздин жашоо-турмушун ар тараптан чыңдап, өлкөбүздүн бакубаттуулугун арттырууда мүнөзү жаздай жайдары, жүрөгү мээримге толгон айымдарыбыз тоодой түйшүктөрү менен алгалоо жолунда келе жатышат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Мажитова Шарапаткан эжебиз дагы бар. Мына ушул айымдын коомдогу башкаларга үлгү болчу орчундуу иштери, саамалыктары жөнүндө маек курдук.
“Өмүр көчү балалыктан башталат”
-“Өмүр көчү балалыктан башталат” демекчи, балалыгымдын бактылуу көз ирмемдери Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө өткөн. 8-класска чейин айылдык мектепте окуп, андан соң Ош шаарындагы ошол кездеги кыздар орто мектебинде билимимди улантып, аны 1973-жылы аяктагам. Дароо Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине тапшырып, аталган окуу жайды 1978-жылы бүтүрдүм. Эсимде, ал убакта окууга өтүү абдан кыйын болчу. Анткени, сынак күчтүү эле. Мен мектепте жакшы окуп, тарых сабагына да кызыккандыктан, мага сынак кыйын болгон жок. Жакшы жери ал кезде азыркыга салыштырмалуу сынактар адилеттүү өтчү. Ким аракеттенсе, кимдин билими болсо ал өтпөй калчу эмес. Ошентип окууну ийгиликтүү аяктаган соң турмушка чыгып, Аксы жерине (анда Жаңы-Жол району деп аталчу) келин болдум. Жолдошум менен студент кезде жатаканада чогуу жашаган кыздар аркылуу таанышкам. Экөөбүз узакка деле кыз-жигит болуп сүйлөшкөн жокпуз. Таанышкандан көп өтпөй ала качып кеткен. Ал убакта кыздардын көбү мен сыяктуу турмушка чыгып, босогону аттаган соң кетчү эмес. Турмушка чыккандан кийин эмгек жолум Кербендеги Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте тарых мугалими болуп башталды. Жолдошум К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин зоотехника факультетин аяктаган. Көп жыл башкы зоотехник, башкы инспектор, айтор бир катар жакшы кызматтарды аркалады. Экөөбүз беш балалуу болдук. Тилекке каршы, 2016-жылы жолдошум өтүп кетти. Учурда балдарыбыздын баары үйлүү-жайлуу. Улуу уулдарымдын экөөсү тең курулуш тармагында, өз бизнестери бар. Эки кызым Америкада.
“Тайманбастык атамдан өткөн”
— Атам жанындагыларын муютуп, тайманбай, так сүйлөчү. Анын ораторлугун албай, ушул тайманбас жагын алыпмын. Өзү да “кызым мени тарткан тайманбас” деп калчу. Эртең менен эрте тургузуп, болгон жумушту жасатчу. Биз 5 кыз, 3 уул 8 бир тууганбыз. Менден улуу агам 8-классында бир бөйрөгүн алдырып, кара жумушка жараксыз болуп калды. Андан кийинкилер катар-катар кыз, эң кичүүсү уул. Мындан улам кол арага жараганы мен элем. Абдан мээнеткеч болдум. Жибек курт бакчубуз. Апам жибек курт багуу боюнча макталып, гезит-журналдардан түшчү эмес. Бирок, аны багыш азап менен тозок. Жибек курт болгону 10 грамм эле болуп кичинекей күкүрттүн кутучасында келет. Ал кийин чоңоюп, үйдүн 5 чоң бөлмөсүн ээлеген куртка айланып, жибек оройт. Курттар тыттын жалбырагын жешкендиктен, ар үч саат сайын жалбырак салып турчубуз. Аны заматта жеп салышат. Түнү-күнү тынбай жей беришчү. Чоң-чоң узун сарайларды салып, ошол жакта багабыз. Эртең мененки сабакка чейин үйдөгү болгон ишти жасап коюп анан кетчүбүз. Кээ бир эркек балдарга караганда чөп чаап, кара жумушка тың элем. Азыр эстеп таң калам. Жакшы тарбия берип, эмгекке үйрөткөн ата-энеме ыраазымын. Асылым атам 2010-жылы 86 жашында, бейишим апам 2002-жылы 72 жашында каза болду.

“Коррупциялык иштерди ачканым үчүн кол салуу болуп аман калгам”
— Балдарым чоңоюп, өздөрү менен өздөрү болгон соң элге, жерге да кызмат кылайын деген ниетте депутаттыкка аттандым. Өмүр бою агартуу тармагында эмгектенгендиктен, көп кыйынчылыктар болду. Өзгөчө СССР тарап, базар экономикасына өткөндө аябай кыйналдык. Мугалимдерге айлап, жылдап айлык берилбей, айлыкты азык-түлүк түрүндө алган да күндөр болду. Ошондон улам бир топ мугалимдер өз ишин таштоого аргасыз болушту. Тарыхчы катары мындан ары социализм болбошун сезип, бизнеске мен да аралашууга аракеттендим. Алгач ишкерлик менен мугалимдикти бирдей алып, каникулда Польша, Литвадан товар алып келип жүрдүм. Анда мектеп формалары өтө тартыш болгондуктан, формаларды, айтор, турмуш-тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды алып келип турчубуз. Минтип жети жылдай иштеп, кийин ишкерликке толугу менен өттүм. Кандай айтсак да биздин билим азыркыга салыштырмалуу күчтүү эле. 1993-1995-жылдары билимимди андан ары да өнүктүрөйүн деп, КМУнун юридикалык факультетине тапшырып, аны 1995-жылы бүттүм. Кийин Бажы кызматына юрист болуп ишке кирип, ал жерде иштедим. 2002-жылы апамдын атынан “Тилла жолу” деген жүк ташуучу ишканамды ачтым. Кытайдан жүк ташып келчүбүз. Ал ишибиз 2010-жылга чейин уланды. Ага чейин ортодо 2005-жылы Кара-Суу базарындагы ишкерлердин укугун коргоо үчүн “Ишкер” коомдук бирикмесин түзүп, үч жыл иштеп, бул аралыкта бир топ чоң иштерди жасаганбыз. Өзгөчө Кара-Суу базарындагы коррупциялык иштердин бетин ачканбыз. Ишкерлердин, соодагерлердин укугун коргоп, алардын иштөөсүнө шарт түзгөнбүз. Ошол кездеги коррупциялык иштердин бетин ачканым үчүн мага кол салуу болуп, андан аман калгам. Кийин өзүмдүн жана балдарымдын өмүрүнөн кооптонуп, “Ишкер” коомдук бирикмесин жаап, коомдук иштер менен алектендим.
“Бизде өсүш болуп жатканы абдан кубандырат”
— Өлкөдө бардык тармакка реформа жүргүзүш керек. Себеби, бардык тармак көңүл бурууга муктаж. Чынында Президентибиз Садыр Жапаровго абдан ыраазымын. Жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мамлекеттин тынчтыгы, экономиканын өсүшү, элдин жашоо турмушунун жакшырышы үчүн болгон аракетин көрүп жатат. Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө алгачкы кадамдар ташталды. Буга 2021-жылдагы өндүрүштүн көлөмүнүн 187 млрд сомго өскөнү далил. Ушундан деле өндүрүштө, мамлекеттик башкарууда жакшы иштер жасалып жатканын баамдайлы. Ковиддин сыноосуна, инфляцияга, кризиске карабай бизде өсүш болуп жатканы абдан кубандырат. Бийлик башына келгендер кайсы гана тармак болбосун реформа кылууга жана ошол тармакты өнүктүрүүгө далалаттанып, анын жыйынтыгында ийгиликтер жаралууда. Мисалы, салык системасында өзгөрүүлөр бар. Көмүскө экономикадан чыгыш үчүн жаңы салык кодекси ишке кирди. Биз импортко көз каранды болбой, өзүбүздү өзүбүз тамак-аш менен камсыз кылуу максатында эң башкы орунда айыл чарбасын өнүктүрүү маселеси тургандыгын Президентибиз да баса белгиледи. Бул аракет сөз жүзүндө эле калып калбай, дыйкандарга жардам иретинде, айыл чарбасын колдоого 26 млрд сом бөлүндү. Президент Садыр Нургожоевич “ушул нерсенин бардыгы даректүү жетип, максаттуу жумшалсын” деп эскертүүдө. Мына жаз келип, талаа иштери да башталды.
“Кыйынчылыктын чыйралткан жакшы жагы да бар”
— Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдан улам банктардын көпчүлүгү санкцияга түшүп калды. Соода-сатык боюнча өнөктөш, бизге эң жакын өлкө – Россия. Ошондуктан Россияга тийген сокку бизге тийип жатат. Биз кичинекей мамлекетпиз. Ошентсе да, “Эки дөө урушса ортосунда кара чымын өлөт” демекчи, ири блоктордун кагылышуусунда сөзсүз залакасы тийбей койбойт. Андыктан, Мамлекет башчыбыз алтындын наркы эч качан түшпөй турганын белгилеп, алтын алып коюу керектигин эскертти. Акчанын куну кетти. Нефти, темир кымбаттап, курулуш тармагынын иши солгундай баштады. Мына ушундай окуялардан сабак алып, Кыргыз мамлекети экономикасын оңдоп алышы керек. Биз сырттан келген акчаны, азык-түлүктү күтпөй, өзүбүз азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, сыноого чыйралышыбыз керек. Кыйынчылыктын чыйралткан жакшы жагы да бар. Биз агрардык өлкө болгондуктан, биринчи кезекте айыл-чарба тармагын өнүктүрүшүбүз абзел. Пандемия убагында айыл чарба азыктарынын кымбаттап, кыйынчылык жаралганын көрдүк. Элибиз унга жетпей калганда абдан намыстандым. Учурда сырттан ташылып келген азык-түлүктөрдүн баасы күн сайын өсүүдө. Өкүнүчтүүсү агрардык өлкө болуп туруп, өзүбүздү-өзүбүз жада калса эт, ун, май менен камсыздай албай келебиз. Ошондуктан, алгач ушул тармакты өнүктүрөлү. Азык-түлүк менен өзүбүздү-өзүбүз толук камсыздашыбыз зарыл. Иликтесем биз өзүбүздү 30% гана камсыздайт экенбиз. Чет мамлекетке 70% көз карандыбыз. Болбосо жер кенен, каралбай, иштетилбей жатат. Эми жерди иштетүү үчүн ажонун чечими дыйкандарга чоң колдоо болду. Мындан ары дыйкандарга техника, жер семирткич, үрөн үчүн арзан пайызда насыя берип, бирок, “мынча түшүм бересиң” деп милдеттендирип, кадимкидей план коюлса иштери жоопкерчиликтүү болмокпу дейм. “Планды аткарсаң, кийинки жылы мындан да көбүрөөк жана арзан насыя берилет” деген сыяктуу кызыктыруучу келишим болсо, айыл чарба тармагы өнүкмөк. Дыйкандарга да дем-күч (мотивация) болмок. Мамлекет менен дыйкандар биргелешип, пландап иш алып барганда гана иштин жыйынтыгы болот деген ойдомун.
№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Жазгүл КАРБОСОВА