"Эркин-Тоо"

“ЖК депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору талкууланды

Бүгүн, 12-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорлору боюнча депутат Марлен Маматалиев баяндама жасады.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу жана Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин негизги принциптерин, кепилдиктерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин аныктаган жоболорун андан ары өркүндөтүү максатында иштеп чыккан. Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык партиялык тизмелер боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутаттардын жана Конституцияда, ушул конституциялык Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктарды Жогорку Кеңеште жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген, 25 жаш курагынан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналарын белгилеген жоболор сунуш кылынган.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аталган мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндөгү материалдарды же кабарларды мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.

Талкууда маалында комитет мүчөлөрү депутаттардын ыйгарым укуктарына, милдеттерине жана жоопкерчилигине байланышкан маселелерге токтолушту.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!