ЖКККББ: Чет өлкөдөн убактылуу ташылып келинип, бизде каттоодо турбаган автоунаалар 6 айдан ашпай Кыргызстандан чыгарылып кетиши керек
Чет элдик номурлуу унаалардын айдоочуларынын арасында жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө -деп билдирет ИИМдин ЖКККББнын басма-сөз кызматы.
«“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, чет өлкөлүк жактар тарабынан же жергиликтүү жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу мөөнөткө ташылып келинген кошуна мамлекеттерде каттоодо турган транспорт каражаттары 6 айдан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылып кетиши шарт», деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3 айында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан транспорт каражаттарынын каттоо тартибин бузуу боюнча 4 миң 376 эреже бузуу аныкталган.
Бул боюнча КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесинин 9-пунктунун негизинде 150дөн ашык айдоочуларды, транспорт каражатын башкаруудан убактылуу четтетилген.
Жол эрежесин бузган айдоочуларды, ошондой эле чет өлкөлүк номурлуу транспорт каражаттарын текшерүү жана аларга чара көрүү иштерин улантылууда.
ЖКККББ: Жол кыймылынын бардык катышуучуларына жол эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керектигин эскертти.