ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өтөт
Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, 2026-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өтөт.
Быйыл, 2025-жылы, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны 26-27-ноябрда Бишкек шаарында өтөт. Жыйынга уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышат.