Жогорку Кеңеш гендердик теңчилик мыйзамын кабыл алды

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

Бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңеш депутаттары «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» жана «Гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кабыл алышты.

Документтер мурунку чакырылыштагы депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан. Алардын бири «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүү, анда министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө талапкерлердин бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашпашы керектиги белгиленген.

Ошондой эле, конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордо судьяларды тандоо үчүн ушул эле эреже киргизилип, шаар мэрлерин жана акимдерди дайындоодо да мамлекеттик кызмат орундарына гендердик тең салмак талаптары коюлду.

Мыйзам долбоорунда жумуш ордунда зомбулук жана куугунтуктоодон коргоо, эки жыныстагы адамдарга бирдей эмгек акы төлөө, мамлекеттик органдарда гендердик аудит жүргүзүү жана ар кандай түзүмдөрдө эркектер менен аялдардын тең өкүлчүлүгүн камсыздоо сыяктуу жоболор да каралган.

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X