Жогорку Кеңештин депутаттарынын ант берүү аземи башталды

17-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Бүгүн, 17-декабрда, парламентте Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи башталды.

Президент Садыр Жапаров иш-чарага катышуу үчүн Жогорку Кеңешке келди. Саналуу мүнөттөрдөн кийин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырат.

Белгилей кетсек, бул жолку курамда шайланган эл өкүлдөрүнүн арасынан 50 депутат VII чакырылышта иштеген. Демек, азыркы жыйынтык боюнча 37 депутат парламентке биринчи жолу келди.

17-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X