Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова: «Коомдун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга милдеттүүбүз»

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты. Анын саясат айдыңында өзүнүн татыктуу орду гана болбостон, мээримдүүлүктү, кайраттуулукту, кайрымдуулукту, чексиз сүйүүнү  жүрөгүнө батырган айым экендигин коомчулук жакшы билет. Чолпон Аалыевна менен жолугуп, жылуу маанайда баарлаштык.

— Чолпон Аалыевна, азыркы учурда көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп жаткан оң рулдуу автоунааларды киргизүү, каттоо жана колдонууга уруксаат берүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелегендердин арасында активдүү өз позицияңызды билдирип чыктыңыз. Бул мыйзам долбоорунун келечеги кандай болчудай?

— Оң рулдуу автоунааларды өлкө аймагына киргизүүгө жана колдонууга тыюу салган мыйзам 2015-жылдын 26-февралында кабыл алынып, 4-июнда күчүнө кирген. Максаты – оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктарын азайтуу эле. Мыйзам боюнча ЕАЭБдин курамына кирген башка өлкөлөрдө оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу жок. Мисалы, Армения, Орусиянын ыраакы чыгышында көпчүлүк оң рулдуу унаалар менен жүрүшөт. Алар өздөрүнүн автопарктарын жалаң жаңы унаалар менен жаңылап, эскилиги жеткен, айрым тетиктери жок унааларды бизге арзан сатып жатышат. Бул мыйзам биринчи кезекте биздин элдин кызыкчылыгы үчүн сунушталууда. Анткени, акыркы жылдары, тактап айтканда оң рулдуу унааларыбызга чектөө койгондон кийин бизге техникалык жактан эскилиги жеткен, сол жактан башкарылган унаалар агылып кире баштады. Учурда жарандарыбыз Япониядан, Кореядан чыккан унааларга муктаж болуп турушат. Базарда мурда ташылып келгендери болсо эски, баалары кымбат. Айрымдар оң рулдуу унаалар менен эл ташыганда кырсыктар көп катталат деген жүйөлөрдү келтирип жатышат. Мунун алдын алса болот деп ойлойм. Оң рулдуу унааларды киргизүүгө бөгөт койгонубуз менен алар баары бир кирип жатат. Мурда Япониядан сапаттуу, жакшы унаалар келсе, бүгүнкү күндө Армения, Абхазия, Грузия өңдүү үчүнчү мамлекеттерден келүүдө. Алар бажы, кошумча нарк салыгын төлөбөгөндүгү аз келгенсип, лабораториялык текшерүүлөрдөн өтүшпөйт. Канчалык жол эрежелерин бузушпасын, айып төлөшпөйт.

Акыркы бир жылга жетпеген учурда эле Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр аймагынан жети миңге жакын оң рулдуу автоунаа кирген. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанга Абхазия, Армения өлкөлөрүнүн номерлери менен кирген оң рулдуу автоунааларды убактылуу колдонууга болот. Бирок мамлекеттик номер берип, каттоого тыюу салынган. Ал эми өлкөгө кирүү жана жүрүү эрежелерин бузган автоунааларга карата бажы кызматынын өтүнүчү менен гана чара көрүлөт.

Жол коопсуздугун уюштуруу башкармалыгы оң рулдуу авто-унаалардын жолду көрүү обзору жок болгондуктан озуп кетүүдө каршы тилкеге чыгып кетет деп эсептейт. Ал эми биз – оң рулдуу автоунааларга уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилери жол кырсыктарынын 60 пайызы жол эрежелерин билбегенден улам келип чыгаарын белгилеп жатабыз. Рулдун жайгашуусуна эмес, авто-унааны ким башкарып баратканына, айдоочунун билимине көңүл буруш керек. Мыйзам долбоорун депутаттар колдошууда. Буюрса, Президентибиз Садыр Нургожоевич колдойт деп ишенем.

— Мамлекет башчысынын ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюу менен элди сарамжалдуулукка чакырган Жарлыгына эл өкүлүнүн пикири кандай болду экен?

— Президентибиз Садыр Жапаровдун бул Жарлыгын абдан туура кабыл алдым. Чындыгында акыркы убакта коомубузда ысырапкерчилик маселеси тар чөйрөдө эле айтылып келгенин эч кимибиз тана албайбыз. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатканы абдан кубандырат. Капчыктуулар жамандык- жакшылыктарда аша чаап чыгым кылса, куру намыска алдырган карапайым адамдар аларга теңелебиз деп карызга белчесинен баткан учурлар ондоп эмес, жүздөп саналат. Ислам дининде деле ысырапкорчулукка жол берилбейт. Менимче мындай маселелерге убагында көңүл бурулуп, тийиштүү чаралар көрүлбөсө, коомдо байлар менен кедейлер деген чоң ажырым пайда болот. Кесиптешим У.Ормонов дагы бул маселени өз учурунда көтөрүп чыкты. Ал эми Президентибиз Жарлык чыгаргандан кийин ага баарыбыз баш ийип, аткарышыбыз керек.

— Кечээ жакында мамлекет башчыбыздын дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдан улам жарандарыбызды акчаларын банктарда эмес алтын менен сактоого чакыргандыгы эл тарабынан колдоого алынды. Сиз алтын сатып алдыңызбы?

— Президент туура байкагандай, акчаларын банкта же үйүндө сактаган жарандарыбыз көп. Кудайга шүгүр, чиновниктерди эске албаганда ишкерлик менен алектенип таман-акы, маңдай тер менен өз оокаттарын тың өткөрүп келишкен жарандарыбызга карата камкордук ирээтинде ажобуздун тынчсызданышы негиздүү. Анткени акыркы учурда Украина менен Орусия мамлекеттеринин ортосундагы кагылышуунун натыйжасында эки тараптын тең жарандарынын банктык эсептери ири санкцияларга кептелип калышты. Ал эми алтын эч качан кунун жоготпой турганына мамлекет башчысы өзү кепилдик берип жатат. Сатып алууга да, башка өлкөгө алып чыгып кетүүгө да чек коюлбаганы көпчүлүк үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Жеке өзүм жөнүндө айтсам, мен эми миллиондорду атайын эсепке сактаган өтө бай адамдардын катарына деле кирбейм. Өзүмө, бала-чакама жете турган оокатыбыз бар. Андыктан алтын сатып алуу үчүн кезекке деле турган жокмун.

— Саясатчы катары азыркы саясий кырдаалга көз карашыңыз кандай? Кризис, кымбатчылык деп элдин кооптонгону негиздүүбү?

— Негизи саясат илгертен бери эч качан бир ордунда турбай, тынымсыз өзгөрүп турчу нерсе. Дүйнөдө кандай окуялар болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Өзүбүз дагы ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек. Шайлоолор өттү, бийлик туруктуу иштей баштады. Эми өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошушубуз керек. Саясий абалдын туруктуу болушу үчүн жол башчыбыз көрсөткөн багыт менен кетишибиз зарыл. Садыр Нургожоевич баса белгилегендей эң башкысы – азыр дүрбөлөңгө түшпөй сабырдуу бололу. Министрлер Кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан. Бардык министрликтер тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлө тургандыгын айтты. Биз ажобузга ишенишибиз керек. Ишеним – бул жакшы нерсе. Азыр аткаруу бийлиги биринчи приоритетибиз – экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калууга бардык аракеттерин жумшоодо.

— Эң көйгөйлүү болгон спорт, жаштар саясаты, кайрымдуулук жаатында да көптөгөн иштерди аткарып келесиз. «Алыш» күрөшүнүн абалы кандай?

— «Алыш» күрөшү федерациясынын иштерин толугу менен уулум Адилетке тапшыргам. Адилет Баяман уулу – учурда федерациянын Президенти. Ал азыр «Алышты» дагы жаңы деңгээлге чыгаруунун үстүндө иштеп жатат. Жакында эле Бишкекте жолдошум Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык чоң турнир өттү. Ага алыскы жана жакынкы ондой өлкөдөн балбандар келип, катышышты. Турнир өтө жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Мамлекетибиз кыйын абалда турганда эч кандай жардам күтпөй эле бардык демилгени өзүбүз колго алып иштеп келебиз. Эмгектин акыбети кайтып, жүздөгөн улан-кыздарды спортко тартуудабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, алардын алды Дүйнө чемпиондору болушту. Кудайым буюрса, «Алыш» боюнча аткарылчу иштер али алдыда.

— Чолпон Аалыевна, мурда парламенттеги депутат айымдар колго алган “Аялдар форуму” өтүп турчу эле. Анын тагдыры эмне болду?

— Коомдогу аялдардын орду, социалдык абалы аял катары менин дайыма тынчымды алып келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айымдар коомдогу маанилүү ролду аткарышат. Мырзалардан кем калышпай бизнесте, маданий чөйрөдө, илимде, өлкөнүн экономикалык жана саясий өнүгүшүнө өз салымдарын активдүү кошуп келишкендери абдан сыймыктанчу көрүнүш. Ар кандай зордук-зомбулукка тушуккан айымдарыбыз да азайып кеткен жок. Аял – үй-бүлөнүн жарыгы, жылуулугу, түркүгү, куту.

Аялзатына колдоо бир эле күн эмес, күн сайын, өмүр бою керек. Аял аттуу назик жандар ар дайым бекем колдоого муктаж. Менимче ал колдоо улутуна, байлыгына, бийлигине, акылына, жашына көз каранды болбошу керек.

Мен Форум болбогондо деле коомдогу аялдар маселесинин актуалдуулугуна басым жасап келем. Форумдун ишин дагы жакында колго алабыз деп турабыз. Өзүм дагы аялмын, энемин. Коомубуздун аярлуу катмары аялдар, карылар маселесине ылайыктуу көптөгөн максаттарым бар. Кудай буюрса, анын бардыгын иш жүзүнө ашырам деп ишенем.

Кыргызстанга бир жылдын ичинде 20 миңдей автоунаа келген. Токтолсок, Армениядан 100, Белоруссиядан 1000, Казакстандан 500, Литвадан 4500, Түштүк Кореядан 4000, АКШдан 700, Германиядан 500, Грузиядан 2000, Кытайдан 800, Өзбекстандан 300дөн ашык автоунаа каттоого турган.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Разия Жоошбаева

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X