Жаштыгына карабай, Парламенттеги активдүү эл өкүлүнө айланган Илимбек Кубанычбеков мыйзам демилгелөө жагынан кесиптештеринен кадимкидей айырмалана баштады. Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган чыйрак жигит менен жыл жаңыраар алдында азын-оолак баарлаштык.
— Илимбек мырза, оорукана жетекчилерин бир учурда жеке менчик ооруканаларда иштөөсүнө тыюу салууну эл өкүлдөрү колдоп берди…
— Ооба, башкы дарыгерлерге байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3 окууда кабыл алынды. Бул мыйзам долбоору өз учурунда, туура кабыл алынды. Бир учурда жеке менчик клиникаларда дагы, мамлекеттик ооруканада дагы жетекчилик кызматта иштеген дарыгерлер бар. Алар көп убакта мамлекеттик клиникаларда иштеп жаткан убакка караганда жеке менчик жерде иштеп жаткан жайга көбүрөөк басым кылып, капчыктуу оорулууларды ошол жактарга тартып келишкен. Ошондой эле башкы дарыгерлик кызматта 5 жылдан ашык иштебөө боюнча норма бар. Мындан ары 5 жылдан ашык жетекчи болуп иштеген башкы дарыгерлер орундарын бошотушса, өсүп келе жаткан таланттуу ак халатчан дарыгерлердин кызматтык тепкичтерди багындырышына жол ачылмак.
— Өткөн аптанын соңунда III Элдик Курултай өттү. Анын жыйынтыгына канааттандыңызбы?..
— III Элдик Курултайдын жүрүшүнө баштан-аяк өзүм катыштым. Буга чейинки өткөн 2 Курултайга салыштырмалуу бул жолку жыйын жакшы өттү. Бул жагын жылмалабай, ачык айтышыбыз керек. Бул жолку Элдик жыйында өңчөй эле социалдык көйгөйлөр көтөрүлбөстөн, Курултай башка этапка, жаңы деңгээлге өткөнү даана көрүндү. Ал жагын майдалап, чечмелебей эле коелу.
— Жыл жаңырса парламенттик шайлоого карай тымызын аракеттер, эл кыдыруу, саясий “упай топтоо” өңдүү саамалыктар башталат. Келээрки парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлигиңизди коесузбу? Же саясат менен эл өкүлдүк вазыйпа сиз үчүн эмес бекен?
— Өзүңүз билесиз да, мен отуздун кырына эми келдим, энергияга бай кезде элге кызмат кылууга дайым даярмын. Эми бардыгын алдыдагы убакыт көрсөтөт. Бирок, менде келечекке карай чоң амбиция бар экенин жашырбайм. Амбиция турганда саясаттан четтеш кыйын го…
Калыгул Бейшекеев