Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков: “МЫНДАЙ ТЕНДЕНЦИЯ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ БОЛУП ЖАТАТ”

Өлкөдөгү коомдук, саясий абалга ар убак үн катып, коомчулукту тынчсыздандырган айрым маселелерге карата пикирин ачык айтып келген Сүйүнбек Абдылдаевич бул сапар да агынан жарылды. Генерал-майор демдүү жүрүшү менен биздин соболдорго ташка тамга баскандай жооп узатып отурду.  

– Сүйүн Абдылдаевич, сиз аттанган округдан эл көзүндөгү аттуу-баштуу инсандар, белгилүү саясатчылар талапкер болуп, атаандаштарыңыз образдуу салыштырганда “оңой эмес жоолор” болушту. Мындай шартта атаандаштарыңыздан ат чабым алдыга озуп чыгышыңызды кандайча чечмелейт элеңиз?

– Албетте, мен бул жыйынтыкты элдин ишеними деп кабыл алам. Аныгында эл кызматындагы инсан үчүн элдин ишениминен өткөн чоң олжо жоктур. Ошондуктан, бул жеңиш меники эмес — бул мага ишеним артышкан миңдеген элдин жеңиши деп эсептейм. Ооба, аламан жарыш учурундагы атаандаштарым абдан тажрыйбалуу, белгилүү адамдар болчу. Мен алардын ар бирин абдан сыйлайм. Бирок, шайлоочулар кимге добуш беришет алардын укугу. Элдин ишеними – бул чоң жоопкерчилик. Дагы айтам, ошол он миңдеген элдин ишенимин актоо — менин негизги милдетим. Аны актоого бардык билимимди, тажрыйбамды жана аракеттеримди жумшайм.

– Парламент трибунасынан Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баш болуп, өлкөдөгү күн сайын күч алып жаткан кымбатчылык боюнча “коңгуроо кагышууда”. Эл өкүлү катары бул көйгөй тууралуу тиешелүү министрликтерге кандай сунуш берээр элеңиз? Сырттагы кымбатчылыкты өзүңүз деле жон-териңиз менен сезип жатсаңыз керек…

– Акыркы мезгилде өлкө боюнча баалардын өсүшү чындап байкалууда. Кыргызстан сырттан кирген товарларга көз каранды болгон өлкө болгондуктан, эл аралык базарларда баалар өссө же валюталык курс өзгөрсө, ал биздеги бааларга түздөн-түз таасир тийгизет экен. Мындай тенденция биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан нерсе. Албетте, мындай шартта азык-түлүккө жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга баалардын улам-улам жогорулашы калктын, өзгөчө социалдык жактан аярлуу катмарынын жашоо-шартына таасирин тийгизип жатат. Ушуга байланыштуу тиешелүү министрликке социалдык маанидеги товарлардын баасын турукташтыруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү, баа түзүү механизмдерине талдоо жүргүзүү жана негизсиз баа жогорулатуулардын алдын алуу максатында мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү маселесин кароону сунуштайм. Ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, ортомчулук чынжырларды кыскартуу, логистикалык чыгымдарды оптималдаштыруу жана базарларда баалардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. Бул сунуштарды ишке ашыруу калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана ички базардагы баалардын туруктуулугун камсыздоого өбөлгө түзөт деп ойлойм.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X