Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалды

11-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 51

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылыкка шектелген КР ЖКнын мурдагы депутаты “А.А.” аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү алдамчылык жолу менен ишкерди 2 млн АКШ доллар өлчөмүндө зыянга учуратканы тууралуу арыз түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаранга айып тагылып, 2022-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

11-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X